Жергиликтүүлөр 11 жылдан бери каршы болуп келе жаткан Солтон-Сары кенин иштетүүгө уруксат берилди

Президент Садыр Жапаров Кытайдын Zhоng Ji компаниясына Нарын облусундагы Солтон-Сары кенин иштетүүгө уруксат берди.

Бул тууралуу президенттин басма-сөз катчысы Эрбол Султанбаев Фейсбуктагы барагына жазды.

Султанбаев үстүбүздөгү жылдын июнь айында Солтон-Сары алтын кенине барып, ал жакты өз көзү менен көрүп, жергиликтүү эл менен жолугуп келгенин жазды. Басма сөз катчынын айтымында, Жапаров нарындыктардын жол жана инфраструктура куруу иши жаратылышка терс таасир этет деген кооптонууларын уккан.

«Бирок өзүңүздөр билгендей, жолдор эчак эле салынып бүтүп, фабрика салуу иштери жарымдап калган. Жер кыртышын бузуу боюнча башка иштер болбой турганы аныкталган. Ошондуктан, мындан ары башка жерден жер кыртышын бузбасатан, Солтон-Сары кенин иштетүүгө уруксат берилди. Ошол эле маалда компания тараптан жергиликтүү жашоочулар үчүн, азырынча, жыл сайын 50 миллион сом өлчөмүндө компенсация төлөнө турган болду. Алтын чыга баштаганда бул сумма эселеп көбөйтүлөт деп макулдашылды. Андан тышкары, мамлекеттин үлүшү дагы киргизилмей болду», — деп жазды Султанбаев.

Ал кенди иштетүүдө цианид колдонулбасын, ал эми казылып алынган алтынды тазалоо (аффинаж) Кара-Балта шаарында болорун белгиледи.

Нарындыктардын кытай компаниясынын алтын казуусуна каршы билдирүүлөрү

Нарындын тургундары мурда дагы Zhong Ji Mining кытай компаниясынын Солтон-Сары кенинде алтын казуусуна каршы чыгышкан.

Нарында, тагыраагы Солтон-Сарыда алтынды 1994-жылы эле каза башташкан. Ошол убакта «Кыргызалтын» Алтын-Төр тилкесин иштете баштаган — бул эгемендүү Кыргызстандын өз акчасына курулган алгачкы тоо кен ишканасы болгон. Zhоng Ji коңшу жайгашкан Солтон-Сары участогун иштетүүгө лицензия алган экинчи компания болгон.

Жергиликтүүлөр 2011-жылы эле буга каршы чыга башташкан. Анда компания жаңыдан чалгын иштерин баштап жаткан, бирок бийлик ошол учурда бир нече тегерек стол жана талкуу өткөрүп, бул чырды жайгарып койгон. Кийинки чыр 2018-жылы болгон — жергиликтүүлөр компания экологияны булгап жатат деп билдиришкен. Андан соң бул окуя 2019-жылы кайталанып, айылдыктар компанияны суунун булганышы менен малдын кырылышына айыптап чыгышкан. Бийлик текшерүү жүргүзүп, күнөө жергиликтүүлөрдүн өздөрүндө, өз убагында малды эмдеттирбей коюшкан деп билдирген. Компания кайрымдуулук ирээтинде малынан айрылып калган чабандарга акча төлөп берип, иш жабылып калган.

Бирок 2019-жылы кытайлык компаниянын базасында жергиликтүү эки жигит менен компаниянын ондогон кызматкерлеринин ортосунда уруш чыгып кеткен. «Клооптун» журналисттери Нарын облусуна барып, репортаж даярдап келишкен.

Жергиликтүүлөр компания кенди иштетүү укугун 2009-жылы эле алып койгонуна нааразы болушкан, ал эми инфраструктурасын компания 2019-жылы кура баштаган. Бирок бул убакыт аралыгында компания коңшу «Кыргызалтын» ишканасы жыйырма жыл иштеп турган убакытта куруп жетишкенине салыштырмалуу бир кыйла көп объекттерди курууга үлгүргөн.

Жергиликтүүлөрдүн айтымында, кытайлыктар экологияны бузуп жатышат, анткени алар тез жана көп курушат. Алар бул жер бир гана кен эмес, жайлоо экенин жана ал жерде жакынкы сегиз айылдын тургундары малдарын жайышарын белгилешкен. Мындан тышкары, жергиликтүүлөр кытай ишкерлери жерди жана сууну булгашууда, ошондуктан мал-жандыктар кырылып жатат деп эсептешкен.

Ошентип, 2019-жылдын 3-августунда кытайлык компаниянын базасында жергиликтүү эки жигит менен компаниянын ондогон кызматкерлеринин ортосунда уруш чыгып кеткен. Айыл тургундарынын айтымында, алар жөн гана суу сурагылары келишкен, кытайлар болсо аларды катуу сабап салышкан. Бирок, кытайлык компания болсо жигиттер мас абалда болгонун, кызматкерлери жөн гана коргонушканын айткан. Кен чыккан жердин кире беришиндеги үйдө эмне болгонун биз билбейбиз, бирок мындай фактылар бар: жигиттер ооруканага жатып калышкан, ал эми эртеси күнү кен чыга турчу жерге ишкананын жабылышын талап кылган 500дөн 1000ге чейинки эркек-кишилер барышкан.

Жергиликтүү тургундар менен кытайлык жумушчулардын ортосундагы уруштардын алдын алуу үчүн кенге Нарын облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов да келген, бирок анын келтирген жүйөлөрүнүн бардыгы кытайлар Солтон-Сарыдан кетиши керек деген ультиматумга такалып жатты. Кайыпов айылдыктарга маселени чечүүнү убадалап, кайра Нарынга жөнөп кеткен.

Солтон-Сарыдагы жаңжалдан кийин өкмөт кытай компаниясынын ишин убактылуу токтоткон. Анын жетекчилиги кызматкерлери менен техникаларын кайра Кытайга чыгарып кеткен. ИИМ августтагы башаламандыктарды тергеп баштаган.

Жаңжалга чейин Мамэкотехинспекция компаниянын ишинде 83 бузуу таап, 448 миң сомго штраф жазып берген.

Ветеринардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Нарын облусундагы өкүлү Кумар Исакова билдиргендей, 2019-жылдын июль айында 22 кой кырылып, алардын экөөсүнүн этинде нитрат менен мышьяк табылган, калгандары таза чыккан.

Жергиликтүүлөр мал-жандыктары кытайлык компания иштетип жаткан Бучук участогунан жайлоого агып келген булганган суунун айынан кырылды деп бекем ишенишкен.