Орусиядагы авария: 14 адамдын сөөгү өлкөгө атайын борт менен алынып келинет

Президент Садыр Жапаров Орусиядагы авариядан каза болгондордун сөөгүн өлкөгө атайын борт менен алып келүү тапшырмасын берди. 21-августта Ульяновск облусундагы жол кырсыгынан 14 кыргызстандык мерт кеткен. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев маалымдады.

Билдирүүдө президент каза болгондордун жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтканы баяндалат.

Авария 21-август күнү Николаевск районунун Прасковьино жана Новопасское айылдарынын ортосунда, «Урал» чоң жолунда катталган. Жалпы 16 киши каза болгон — алардын 14ү кыргыз жараны.

Кырсыктын кесепетинен дагы үч адам ооруканага жаткырылган. Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин маалыматына ылайык, алар да кыргыз жарандары. Элчилик жабыркагандардын абалы тууралуу так айта албасын, бирок канааттандырарлык деген маалымат бар экенин кошумчалады.

Элчиликтин кызматкерлери авария болгон жерге жөнөп кетишкен. Каза болгондордун жакындары үчүн +7 926 861 50 98, +996 551 312-000 атайын номерлери иштеп жатат.

Ал арада соцтүйүндүн айрым колдонуучулары кырсыктын видеосун жарыялады. Күбөлөр кыргыз жарандары бараткан «Мерседерс Бенц Спринтер» унаасы токтоп турганда, артынан оор жүк ташуучу унаа келип сүзгөнүн айтышкан. Алар каза болгондордун арасында айымдар дагы бар экенин белгилешкен.

Орусиянын Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, 2021-жылга карата Орусияга жалпысынан 1 миллион 639 миң 28 кыргызстандык кирген. Анын 884 миң 133ү жумушка орношуу максатында келишкен.

Тема боюнча:

Орусияда эки кыргыз жараны канализацияга агып кетүүсүнө байланыштуу ишкананын директору кармалды