Орусияда эки кыргыз жараны канализацияга агып кетүүсүнө байланыштуу ишкананын директору кармалды

Москва шаарында канализация тазалап жатып сууга агып кеткен эки кыргыз жана бир тажик жаранынын өлүмүнө байланыштуу аларды жалдаган ишкананын жетекчиси кармалды.

Маалыматка ылайык, окуя 7-августта Москва шаарынын Люблино районунда болгон. Анда катуу жааган жаандан улам суу топтолгон коллекторду 15 жумушчу тазалап жаткан маалда суунун агымы дароо көбөйүп кеткен.

Жумушчулардын бешөөсү өз алдынча чыгып, жети кишини куткаруучулар алып чыккан. Ал эми үч адамды куткаруучулар алып чыкканга жетишпей калышкан. Натыйжада алар жеринде каза болушкан.

Кырсыктан каза болгон кыргызстандык 23 жаштагы Кайрат Баймурза уулу жана 20 жаштагы Баястан Карыбек уулу экени аныкталган.

Мындан улам, ортомчул ишкананын жетекчисине «Жумуш учурунда коопсуздук эрежелеринин бузулушу» жана «Шалаакылыктан улам бир нече адамдын өлүмүнө алып келүү» фактылары боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иши башталды.

Ал эми шектүү катары кармалган компаниянын 88 жаштагы директору убактылуу кароочу жайына киргизилди.

Орусиянын Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 2021-жылга карата жалпысынан Орусияга 1 миллион 639 миң 28 кыргызстандык кирген. Анын 884 миң 133ү жумушка орношуу максатында келишкен.