Алтын Капалова: Кыргыз мигранттарынын өлүмү чиновниктердин абийиринде

Жазуучу Алтын Капалова «эмгек мигранттарынын өлүмү кыргыз чиновниктеринин абийиринде» деп эсептейт. Бул тууралуу ал Фейсбук барагына жазды.

Капалова 2016-жылдын августунда Москвадагы басмаканада чыккан өрттү эске салды. Анда өрттүн кесепетинен 17 кыз-келин каза болгон — анын 14ү Кыргызстандан келген эмгек мигранттары эле.

Капалова анда республикада биринчи жолу «Феминале» аталышындагы феминисттик көргөзмө өткөнүн белгиледи — ал 17 кыздын элесине арналып 17 күнгө созулган. Бирок маданият министрлиги ал көргөзмөнү цензуралаган.

Капалова андан алты жыл өткөндөн кийин, Орусияда кайрадан 14 эмгек мигранты каза болгонун жазды. Ал бул аралыкта башка кыргыз эмгек мигранттары да хостелдерде, иш ордунда жана жол кырсыктарында каза болгонун баса белгиледи.

«Бул аралыкта эч нерсе өзгөргөн жок. Эч нерсе. Абал начарлап гана кетти. Президент кымбат кийим кийип жүрөт, мигранттар болсо төбөсү менен жер казып күн көрүп, балдар оор жумуштарда иштеп жатышат. Каза болгондор үчүн жүрөгүбүз ооруп турат. Бизге оор болуп турат, анткени бул өлүмдүн алдын алууга болмок экенин түшүнүп турабыз. Бизге өтө оор, анткени алардын ордунда Орусияда иштеп жүргөн көптөгөн туугандарыбыз болуп калышы мүмкүн эле. Бизге өтө оор, анткени алардын өлүмү — өлкөдөгү коррупциялашкан башкаруунун жыйынтыгы экенин түшүнүп турабыз. Бизге оор, анткени бул жаштар үмүт, пландары жана кыялдары үчүн иштеп келүүгө кеткенин түшүнүп турабыз», — деп жазды ал.

Жазуучу бийлик кыргызстандыктардын «оозун жаап» жана «байуусун» улантып жатканын белгиледи.

Ульяновск облусундагы жол-транспорт кырсыгы

14 кыргызстандыктын өмүрүн алган жол кырсыгы 21-август күнү Николаевск районунун Прасковьино жана Новопасское айылдарынын ортосунда, «Урал» чоң жолунда катталган. Жалпы 16 киши каза болгон, ал эми үч кыргыз жараны ооруканага жаткырылган. Алардын акыбалы «оң динамика бар туруктуу оор» деп бааланууда.

Полициянын маалыматына ылайык, оор жүк ташуучу унаанын биринин айдоочусу машинаны керектүү убакта токтотпой оңдолуп жаткан жолдун реверсивдик тилкесинде кезегин күтүп турган кичи автобусту барып сүзгөн. Натыйжада кичи автобус эки оор жүк ташуучу унаанын ортосунда кыпчылып калган.

Аталган факты боюнча «Жолдо жүрүү жана траспорт каражаттарын пайдалануу эрежесин бузуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Орусиянын Тергөө комитетинин төрагасы бул кылмыш ишин ведомствонун Башкы тергөө башкармалыгына өткөрүп берүүнү тапшырганын «Интерфакс» басылмасы кабарлады.

Белгиленгендей, Тергөө комитети «адамдарды өлүмгө алып келген кырсыктын бардык жагдайын аныктап, транспорт каражаттарынын техникалык абалы боюнча документтерди карап, ошондой эле адамдарды коопсуз ташуу боюнча талаптардын сакталышын» текшериши керек.

Кыргызстандын элчилиги каза болгондордун жана жабыркагандардын жакындары үчүн ыкчам байланыш номерлерин ишке киргизди: +7 926 861 50 98, +996 551 312-000. Ошондой эле +996 508 628-588, +7 977 947 55 80, +996 551 312-000 (WhatsApp) номерлери иштеп жатат.

Өз кезегинде президент Садыр Жапаров каза тапкан мекендештердин сөөгүн алып келүү үчүн ТИМ, ӨКМ жана «Манас» аэропортуна атайын борт уюштуруу маселесин иштеп чыгууну тапшырган. ТИМден атайын борт Ульяновскко соттук-медициналык экспертизалар жана Орусиянын тергөө органдарынын уруксаты берилгенден кийин учаарын белгилешти.

Бул окуяга байланыштуу 23-авгут Кыргызстандын аймагында аза күтүү күнү деп жарыяланды.