Элчи кыргыз жарандарынан «кырдаал толук турукташканга» чейин Украинадан чыгып кетүүнү суранды

Кыргызстандын Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов кыргызстандыктардан «кырдаал толук турукташканга» чейин Украинанын аймагынан чыгып кетүүнү суранды.

Ошондой эле ал Украинага келүүнү пландап жаткан мекендештерди дагы сапарын убактылуу токтотуп турууга чакырды.

Кадыркулов украин бийлиги жакынкы күндөрдө Киевдин борборуна жана эл көп чогулган жерлерге барбоону сунуштаганын билдирди. Украин бийлиги коопсуздук коркунучунан улам аскердик жана административдик мекемелеринин жанына болбоону дагы сунуштаган.

Тема боюнча: Одесса – Буча – Бишкек. Украинадан качып чыккан теги кыргызстандык аялдардын окуясы