Милициянын кайгуул кызматы белгисиз демөөрчүлөрдөн беш кызматтык унаа алды

Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы «Тойота Приус» үлгүсүндөгү беш кызматтык унаа алды. Маалыматты «Клоопко» башкармалыктын басма сөз катчысы Байказы Айтикул уулу тастыктады.

Басма сөз катчы унааларды алып берген демөөрчүлөр өздөрүн ачыктабоону туура көрүшкөнүн белгиледи.

Буга чейин белгисиз демөөрчүлөр Ички иштер министрлигинин имаратын да оңдоп беришкен. Оңдоо иштери 2021-жылдын апрелинде башталып, августунда бүткөн. Анда министрликтен жумуштар айрым демөөрчүлөрдүн эсебинен жүргүзүлүп жатканын билдирип жана алардын ысымдарын айтуудан баш тартышкан.

«Учурда министрликти жана аймактык бөлүмдөрдү оңдоо иштери улантылып жатат, алар бүткөндөн кийин кабыл алуу-өткөрүү актысы түзүлүп, анда демөөрчүлөрдөн келген жардам тууралуу маалымат көрсөтүлөт. Мындан улам, сиздер сураган маалымат боюнча кийин кошумча маалымат беребиз», — деп айтылган министрликтин жообунда.

ИИМдин жообуна парламенттин экс-депутаты Наталья Никитенко да нааразычылыгын билдирип чыккан. Анда ал «өлкөнүн күч органдары табышмактуу демөөрчүлөрдүн колунан эч нерсе албашы керек» деп билдирген. Анын айтымында, «кандай гана демөөрчү болбосун бүгүн акчасын берет, а эртеси аны өтөөсүн талап кылат».

«Аскер, милиция, коопсуздук — мамлекеттин ишмердүүлүгүнүн өзгөчө чөйрөсү […]. Учурдагы оор кризистик кырдаалда ири сумманы оңой бере салганга даяр табышмактуу демөөрчү ким экен? Ошондой эле кайрымдуу демөөрчүлөрдүн тизмеси кылмыш иши козголгондордун тизмесине дал келип калбайбы? Бул мамлекеттик рэкет катары болуп жаткан жокпу?», — деп суроо салган Никитенко.

Белгисиз демөөрчүлөр Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин көптөгөн имаратын да салып жатышат. УКМК да «табышмактуу демөөрчүлөрдүн» ысымдарын атабай келет.

Дагы окуңуз: Садыр Жапаров УКМКнын кезектеги имаратын ачты