Садыр Жапаров УКМКнын кезектеги имаратын ачты

Бишкекте Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жаңы имараты курулду. Имараттын салтанаттуу ачылышына 3-августта президент Садыр Жапаров катышты.

Жапаров имараттын ачылышында мамлекет УКМКнын материалдык-техникалык базасын жакшыртып, өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылуу үчүн «зарыл болгон бардык иш-аракеттер аткарылып жатканын» айтты.

Мындан тышкары, бийлик, президенттин айтымында, чекисттердин кызмат өтөөсүнө зарыл шарттарды түзүп, айлык акыларын жогорулатуу жана турак жай менен камсыз кылуу үчүн тийиштүү иштерди иш алып барып жатат.

Президент буга чейин да, май айында УКМКнын кезектеги имараттарынын биринин ачылышына катышкан. Бирок анда жаңы имарат кай жерде жайгашканы айтылган эмес.

2021-жылдын сентябрынан тартып бийлик өлкөнүн ар аймактарында УКМКнын кызматкерлери үчүн жаңы имараттарды ача баштаган. Андан бери өлкө боюнча чекисттер 10 жаңы имаратка ээ болду.

Атайын кызмат үчүн жаңы имараттар төмөнкү облустарда ачылган:

2022-жылдын 3-мартында Бишкекте УКМКнын академиясы курула баштаган.