Паратриатлет Абдувалиев Словакиядагы дүйнө чемпионатында алтын медаль утту

Паратриатлет Жалалдин Абдувалиев Словакияда триатлон боюнча өткөн дүйнө чемпионатында алтын медаль утту. Бул тууралуу World Triathlon’дун сайтында айтылат.

Көзү азиз кыргызстандыкты Мырзабек Орумбаев коштоп барган. Алар биргеликте 2 км сүзүп, 80 км велосипед менен жана 18 км чуркоо керек болгон аралыктан өтүшкөн.

Абдувалиев аталган аралыктан 5 саат 29 мүнөт жана 38 секундда өткөн.Турнир 18-21-августта Шаморин шаарында өткөн.

Абдувалиев деген ким?

Жалалдин Абдувалиев — паратриатлет, триатлон боюнча эл аралык класстагы спорт чебери жана көзү азиздердин насаатчысы. Азия чемпионатынын коло байгесинин ээси.Абдувалиев тубаса катаракт дарты менен төрөлгөн. Бала чагында бир көзү эле көрчү. Ал эми 16 жашка толгондо эки көзү тең көрбөй калган. Анын айтымында, официант болуп иштеп жүргөн кезинде кафеге келген конок сабап кеткен.

«Ал мени жерге кулатып, дал ошол көргөн көзүмө тепкилеген. Ошондон кийин толугу менен караңгылык каптаган», — деп айтып берген ал.

Дагы окуңуз: Триатлон спорт түрүнүн балбаны Жалалдин Абдувалиев: Караңгыдагы күлүк