Чаткал: Алтын казган компаниянын мыйзамсыз ишин жашырган кызматкерге кылмыш иши козголду

Жалал-Абад облусунун Чаткал районундук администрациясынын жооптуу кызматкерине «Коррупция» беренеси менен кылмыш иши козголду. Ал кен казган компаниянын жерди мыйзамсыз казып, алтын чайкаганын жашырып жүргөн деп шектелүүдө.

УКМКнын маалыматына ылайык, 26-августта Чаткал — Бишкек жолунун Сосновка өткөрмө бекетинде «Лексус GX 470» үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Текшерүү учурунда алтын казган компаниянын жетекчиси кызматери менен 1,5 килограмм мыйзамсыз казылган алтын ташып баратканы аныкталган.

Териштирүү ишинин жүрүшүндө Чаткалдагы алтын казган копания лицензияда көрсөтүлгөн аймактан тышкары жерден алтын казганы белгилүү болгон.

«Кийинчерээк ал жерди жүк ташуучу унааларды токтотуучу жай катары колдонуп, мамлекетке экологиялык жана экономикалык зыян келтирген», — деп белгилешти атайын кызматтан.

Мыйзамсыз казылган алтын ташып бараткан шектүүлөр УКМК Жалал-Абад облусундагы убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ал эми Чаткал районундук администрациясынын жооптуу кызматкерине иши козголду.

Тема боюнча:

Видео: Чаткалда алтын казган компаниянын калдыктары дарыяга төгүлдү