Видео: Чаткалда алтын казган компаниянын калдыктары дарыяга төгүлдү

Жалал-Абад облусунун Чаткал районуна караштуу Терек-Сай айыл аймагында алтын ыргалоочу фабрикада тундургуч жарылып, анын ичиндеги калдыктар дарыяга кошулуп кетти. Окуя 23-январда күндүзү болду.

Аталган фабрика «Эти Бакыр Терексай» алтын казуучу ишканасы таандык. Жергиликтүү тургундар калдыктардын арасында цианид бар экенин айтышууда.

Ал эми өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү бул маалыматты төгүндөп, учурда лабораториялык изилдөөлөр жүрүп жатканын кабарлашты.

«Аталган жайга буга чейин көмүрдүн калдыктары төгүлүп, 30 куб метрдин тегерегиндеги саркынды суу келип чогулуп турган. Тосмо жарылып суюктук дарыяга куюлган», — деп берилет өкүлчүлүктүн билдирүүсүндө.

Терек-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы Болот Ашырбаев жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү тургундарга дарыядан сууну ичпөөнү эскерткенин «Турмуш» басылмасына билдирди.

«Эски көмүр калдыктар бар эле ошол, кум кошулган. Кандайдыр бир химикаттар болушу мүмкүн дегендер да бар. Биз калдык түшкөн жерден төмөнкү жагындагы айылдын элине дарыянын суусун ичпей турууну эскерттик. Өзгөчө Терек-Сай, Ынтымак айылдарынын элине. Бул айылдагыларга компания өзү да таза суу таратып жатат», — деди Ашырбаев.

Ал эми ишкананын негиздөөчүлөрүнүн бири «Кыргызалтын» ААКсы 24-январга карата кырсыктын кесепеттери толугу менен жоюлганын билдирди. Мындан сырткары «Кыргызалтындын» билдирүүсүнө ылайык, «Эти Бакыр Терексай» алтын өндүрүүдө цианид колдонбойт.