БДК президенттен «Кумтөр» боюнча келишимдин чоо-жайын ачыктоону талап кылды

Бириккен демократиялык кыймыл (БДК) президент Садыр Жапаровдон «Кумтөр» боюнча келишимдин чоо-жайын ачыкка чыгарууну талап кылды. Бул тууралуу уюмдан «Клооптун» кабарчысына билдиришти.

Кыймылдын мүчөлөрү Жапаровдун «Кабар» мамлекеттик басылмасына комментарий берип, анда канадалык Centerra Gold Inc. компаниясы Кыргызстандын экологиясына 3 млрд долларга жакын зыян келтирген деп айтканын эскертишти.

Бирок президент бул болжолдуу гана эсептөөлөр экенин белгилеген, анткени Кыргызстанда табиятка келтирилген зыянды тагыраак эсептеген адам жок деген.

«Демек, 2012-жылы (Садыр Жапаров жетектеген), 2012-жылы (Темир Сариев жетектеген), 2021- жылы (Акылбек Жапаров жетектеген) мамлекеттик комиссиялар тактаган экономикалык, экологиялык зыяндар эч бир методикасыз жасалганбы? Садыр Жапаров 2017-жылы оппозицияда жүргөндө "колубуздагы турган документтерге таянсак, экологиялык зыян 7 млрд. доллар түзөт", бийлик бизге бербей жаткан документтер колго тийсе, бул көрсөткүч 100 млрд. доллардан ашат", - деп билдирүү жасаган. Садыр Жапаровдун кайсы сөзүнө ишенишибиз керек?"», — деп билдиришти уюмдан.

Кыймыл экологиялык зыянды зарыл методикасыз эсептеген комиссия мүчөлөрү жана жетекчилер жоопко тартылабы-жокпу деген суроо салды.

Ошондой эле кыймылдын мүчөлөрү президенттин Centerra Gold’догу болжолдуу баасы 500-600 млн доллар 26% акциядан эмне үчүн баш тартышканы тууралуу айткандарына да комментарий беришти. Жапаров Кумтөр кени Кыргызстандын карамагына өткөндө акциялардын баасы түшүп, «жөн эле кагазга» айланып калган деген.

«Ошол эл кезде [Садыр Жапаров] 2021-жылдын жыйынтыгы менен алар бул акциялардан 11 млрд доллар дивиденд алышканын билдирди. Эгер бир жылда ушундай суммада дивиденд алган болсок, анда 30 жылда канча киреше алмак экенибизди эсептеп көргүлөчү.. », — деп белгилешти кыймылдан.

Ошондой эле кыймылдагылар 2022-жылдын январында Кыргызстандын 26% акциясы 656 млн доллардан ашык бааланганын кошумчалашты.

«Эмне үчүн баасы 656 млн долларды түзгөн акцияны сатууга же Кыргызстанга калтырууга аракет кылышкан жок? Ар башка өлкөлөрдөн бюджеттик колдоо сурап жүргөн өкмөтүбүз 656 млн долларлык акцияны “жөн эле кагаз” деп айтканга кантип тили барды?» — деп нааразы болушту алар.

Кыймылдагылар кенде коррупция дагы деле уланып, экологиялык маселелер чечилбей жатканын дагы билдиришти. Мындан тышкары, оппозиция «кумтөрдө» «ачык-айкын жана эффективдүү» башкаруу жок, ал жакта өндүрүш «начарлады» деп эсептейт.

Кыймылдын мүчөлөрү президенттин жана Министрлер кабинетинин кендин ишине байланыштуу саясаты «жалганга жана көз боёмочулукка» негизделген деп билдиришти.

Алар бийликтен Centerra Gold Inc. менен Кыргызстандын ортосунда түзүлгөн тынчтык келишиминин тексттин жана ага кол койгондорду толугу менен ачыктоону талап кылышты. Алар эл аралык «Эрнст энд Янг Аудит» аудитордук компаниясынын корутундусун жана мамлекеттик экологиялык комиссиянын ишинин жыйынтыгын дагы жарыялоону суранышты.

«Эгемен Кыргызстандын тарыхында Кумтөр элибиздин үмүтү да, чыр-чатактын башы да, жан дүйнөнүн ыйы дагы болуп келген. Биз өткөндөн сабак алып, тагдырдын кайталанышына жол бербешибиз керек», — дейт кыймылдагылар.

«Кумтөр» боюнча келишим

29-июлда бийлик «Кумтөр» алтын кени биротоло Кыргызстанга өткөнүн жарыялаган. Ошентип, кыргыз тарап, министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Кумтөр долбоору боюнча канадалык Centerra Gold Inc компаниясы менен «ажырашуу» аяктады деп билдирген.

Макулдашууга ылайык, Кыргызстан 2022-жылдын 4-апрелине карата жалпы наркы $777 млн (978 млн канада доллары) долларды түзгөн Centerra’дагы 26,1% акциясынан баш тарткан. Ошондой эле, кешимге ылайык, Centerra жана Кыргызстан бири-бирине койгон дооматтардан жана бардык соттук талаштардан баш тартышкан.

Жооп ирээтинде Кыргызстан «Центтерадан» 11 млн доллар дивиденд жана 50 млн доллар өлчөмүндө бир жолку төлөнүүчү кенемте алган. Ошондой эле кенди иштеткен Centerra’нын «туунду» компаниясы «Кумтор Голд Компани» толугу менен Кыргызстанга өткөн.

Аны менен катар Кыргызстандын башкаруусуна «Кумтөр» кени боюнча Рекультивациялоо фонду өткөн, анын көлөмү болжол менен 53 млн доллар.