«Кумтөрдү» Кыргызстанга өткөрүү процесси биротоло аяктаганы жарыяланды

«Кумтөр» алтын кени биротоло Кыргызстанга өттү. Бул тууралуу Президенттин администрасынын басма сөз кызматы жарыялады.

Ал жактан 29-июлда Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчилигинде «Кумтөрдү» Кыргызстандын менчигине өткөрүү процессин тастыктаган документтерди алмашуу процедурасы өткөнүн кабарлашты.

«Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси Улан Жусуповго юридикалык документтердин толук пакети, анын ичинде “Кумтөр Голд Компани” жана “Кумтөр Оперейтинг Компани” компанияларынын акцияларынын 100%ын “Кыргызалтын” ААКтын пайдасына менчик укугунун толук өтүшүн каттоо үчүн өткөрүп берүү актылары, ишеним каттары жана күбөлүктөр тапшырылды», — деп айтылат билдирүүдө.

Президенттин администрациясынан 29-июлда буга чейин кол коюлган келишимде каралган бардык финансылык төлөмдөр дагы Кыргызстандын пайдасына жүргүзүлгөнүн кошумчалашты.

Алсак, Кыргызстан «Центтерадан» 11 млн доллар дивиденд жана 50 млн доллар өлчөмүндө бир жолку төлөнүүчү кенемте алат. Ошондой эле өлкөнүн башкаруусуна «Кумтөр» кени боюнча Рекультивациялоо фонду өтүп жатат, анын көлөмү болжол менен 53 млн доллар. Президенттин администрациясы бул сумма дагы Кыргызстандын банктарынын бириндеги атайын эсепке которуларын билдиришти.

Мунун ордуна Кыргызстан 2022-жылдын 4-апрелине карата жалпы наркы $777 млн (978 млн канада доллары) долларды түзгөн Centerra’дагы 26,1% акциясынан баш тартат.

Ошондой эле, кешимге ылайык, Centerra жана Кыргызстан бири-бирине койгон дооматтардан жана бардык соттук талаштардан баш тартышууда.

«Кумтөрдүн» Кыргызстанга өтүшү

Өткөн жылдын май айына чейин канадалык компания өзүнүн «Кумтор Голд Компани» (КГК) туунду ишканасы аркылуу Кыргызстандагы эң ири Кумтөр кенин иштетип келген. Centerra’нын 26% үлүшү Кыргызстанга тиешелүү болгон.

2021-жылдын майында бийлик кенге тышкы башкаруу киргизген жана ал жакта Centerra’нын директорлор кеңешинин экс-мүчөсү Теңгиз Бөлтүрүктү башчы кылып дайындаган.

Компания кыргыз бийлигинин аракеттерине жооп кылып, Кыргызстан, буга чейинки милдеттенмелерин бузуп, «кенди зордук менен басып алды» деп эсептеп Бөлтүрүктү, андан соң кыргыз өкмөтүн да сотко беришкен.

Кийинчерээк тараптар сүйлөшүүлөрдү жүргүзө баштаганы белгилүү болгон. 2021-жылдын сентябрында минкабдын башчысы Акылбек Жапаров жана УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев баштаган кыргыз делегациясы Женевада Centerra’нын аткаруучу директору Скотт Перри менен жолугушкан. Бул, кыргыз бийлигинин айтымында, Перринин демилгеси менен болгон сүйлөшүүлөрдүн биринчи раунду болгон.

ЖМК делегациянын курамындагы өздүк булактарына таянып, сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы «канааттандыраарлык» экенин жазышкан. Кийин видеоконференция аркылуу сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасы өткөн.

Ал эми 2022-жылдын 2-январында президент Садыр Жапаров «канадалык Centerra Gold компаниясы менен сүйлөшүү процессинде жакшы жылыштар бар экендигин» билдирген.

Апрелдин башында минкаб жана Centerra Gold Inc. Кумтөр кенин Кыргызстанга өткөрүү боюнча баштапкы келишимге кол коюшкан. елишимге ылайык, тараптар «Кумтөрдү» башкаруу боюнча талаш-тартыштарын жөнгө салышкан.

Тема боюнча: «Кумтөрдүн» тагдыры Кыргызстандын колунда. «Центерра» менен макулдашуунун оош-кыйышы