Бишкекте Эгемендүүлүк күнүн белгилөөгө 2 млн сом коротулат, салют атылбайт

Бишкекте Эгемендүүлүк күнүнө карата майрамдык иш-чараларга 2 млн сом коротулат. Бул тууралуу калаа мэриясына таянып «Азаттык» жазды.

Муниципалитеттен аталган каражат үн техникаларын ижарага алууга, декорацияларга, реквизиттерге, транспортко, чыгармачыл топту жалдаганга жана 20 биотуалет орнотууга жумшаларын айтышты.

Ошондой эле Бишкек мэриясы Эгемендүүлү күнүн майрамдоодо салют атылбасын билдирди. Ал жактан «Клоопко» аталган чейин айлана чөйрөнү жана муниципалдык бюджетти үнөмдөө максатында кабыл алынганын айтышты.

«Фейерверк көмүр кычкыл газын же парник газын чыгарат. Ал эми катуу чыккан үндөр жан-жаныбар жана чымчыктарды чочутат», — деп кошумчалашты мэриядан.

Бул жылы эгемендик майрамынын биринчи бөлүгү Чуңкурчак жайлоосунда өтөт. Ага президент Садыр Жапаров, минкабдын мүчөлөрү, депутаттар, чет мамлекеттердин дипломатиялык миссияларынын жана Кыргызстанда акреддитацияланган эл аралык умдардын башчылары, ошондой эле жарандык коомдун өкүлдөрү катышат.

Ал эми экинчи бөлүгү саат 19:30да «Ала-Тоо» аянтында майрамдык концерт менен коштолот, ага кыргыз эстрадасынын жылдыздары катышат.

31-августта өлкө Эгемендүүлүк күнүн белгилейт. Дал ушул күнү, 1991-жылы Кыргыз ССРнин Жогорку Совети Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгын жарыялаган.

Материалдын автору: Надежда Семёнова.