Москвада «Диссернет» долбоорунун авторлорунун бири Заякин кармалды

Москвада «Диссернет» долбоорунун авторлорунун бири, «Новая газета» басылмасынын журналисти Андрей Заякин кармалды.

«Новая газета. Европа» басылмасынын маалыматына ылайык, ал экстремисттик ишмердүүлүктү каржылоого айыпталып жатат (Орусия Федерациясынын Жазык кодексинин 282-беренесинин 1-бөлүмү). Мындай кылмыш үчүн жаза 300 миң рублдан тартып сегиз жылга эркинен ажыратууга чейин болушу мүмкүн.

Андрей Заякин. Сүрөт: «Новая газета».

Басылма журналист Коррупцияга каршы күрөшүү фондуна (ККФ) 1000 рубль которгону үчүн ага карата кылмыш иши козголгонун жазды. Аталган фонд 2021-жылы Орусияда «экстремисттик уюм» деп таанылган. ККФнын негиздөөчүсү – орусиялык оппозиционер Алексей Навальный. Март айында ал алдамчылык жана сотко урмат көрсөтпөөгө айыпталып, күчөтүлгөн режимдеги колонияга он жылга кесилген.

«Новая газета. Европа» басылмасы Заякин 28-августта кармалганын жазды. Ошол эле күнү анын үйү тинтүүгө алынган. Журналист убактылуу кармоочу жайда түнөгөн.

29-августта сот отуруму өтүп, журналисттин баш коргоо чарасы каралды. Судья тергөөнүн арызын канааттандырды: Заякинге саат 20:00дөн 08:00гө чейин үйдөн чыгууга, адамдар менен бул иш тууралуу сүйлөшүүгө, телефон колдонуп кат жазууга жана интернетти пайдаланууга тыюу салынды.

«Диссернет» жана Кыргызстан

«Диссернет» коомчулугу 2013-жылдан бери иштейт. Уюм кандидаттык жана докторлук диссертацияларга экспертиза жүргүзөт. Коомдун курамына орусиялык жана чет өлкөлүк мыкты окумуштуу адистер, журналисттер, жарандык активисттер жана ыктыярчылар кирет.

2020-жылы «Диссернет» ошол учурда иштеп жаткан жана отставкага кеткен жалпы 68 орусиялык судьянын диссертацияларынан бузууларды аныктаган. Ошол эле жылы «Диссернет» Орусиянын саламаттык сактоо министринин орун басары Сергей Краевой диссертациясында плагиат колдонгонун аныктаганы тууралуу материал жарыялагандан кийин, Краевой кызматтан кол жууган.

«Диссернет» дагы башка орусиялык аткаминерлердин диссертациялардагы бузууларды аныктаган. Мисалы мурдагы маданият министри Владимир Мединскийдин диссертациясы коомчулуктун көңүл чордонунда болгон. Бирок Орусиянын Жогорку аттестациялык комиссия (ЖАК) анын тарых илиминин доктору даражасын калтырган.

2018-жылы «Диссернет» кыргыз аткаминерлеринин илимий иштериндеги бузууларды аныктоого жардам берген. Диссертациясынан бузуулар аныкталган биринчи чиновник ошол кездеги Бишкектин вице-мэри Эркинбек Исаков болгон.

2018-жылдын июль айында «Клооптун» журналисттери Исаков кандидаттык диссертациясын Дагестандын экс-президентинин жана Самара мамлекеттик техникалык университетинин окутуучусунун иштеринен көчүргөнү тууралуу материал жарыялашкан.

Исаков 2010-жылы коргогон 181 беттик илимий ишинин 140 бети көчүрмө экени аныкталган. «Клооптун» материалы жарык көргөндөн кийин аткаминер Жогорку аттестациялык комиссияга өзүн окумуштуу даражасынан ажыратууну суранып кайрылганын билдирген.

«Диссернет» ошондой эле минкабдын учурдагы төрагасы Акылбек Жапаровдун да диссертациясында плагиатты аныктаган. «Диссернет» долбоорунун маалыматына ылайык, Жапаров ишиндеги тексттин эң көп бөлүгүн кыргыз окумуштуусу Шайлообек Мусакожоевдин эмгегинен көчүрүп алган. Бирок депутат плагиатка барбаганын айтып, өзүнүн мурунку иштеринен маалыматтарды алганын билдирген.

Тема боюнча окуңуз: Эмне үчүн «Диссернет» кыргыз окумуштууларынын илимий иштерин текшерип жатат? Уюмдун тең түзүүчүсү айтып берет

«Диссернет» депутат Жапаровдун илимий ишинен плагиат тапты. Эл өкүлү муну четке кагууда