Акылбек Жапаров парламентте ант берүүдө. Сүрөт: Табылды Кадырбеков/Sputnik

Эл өкүлү Акылбек Жапаровдун 234 беттик доктордук диссертациясынын 120сынан плагиат табылды. Башка кыргыз аткаминерлеринен айырмаланып ал өз ишин көчүрүп албаганына толугу менен ишенет.

Саясатчы менен сүйлөшүү үчүн «Клооптун» журналисттери дээрлик эки апта күтүшкөн. Акыры ага парламент имаратында кезигип, жолугушууга чейин коридордо беш сааттай күтүп, андан кийин интервью алышкан.

Ал өз диссертациясын 2009-жылы, экономикалык өнүгүү жана соода министри кызматында турган кезде коргогон. Анын ишин тогуз жыл өткөн соң Орусиядагы «Диссернет» коому текшерүүгө алган.

Өлкөнүн эмгек сиңирген экономистинин доктордук ишинин темасы — «Кыргыз Республикасынын экономикасын модернизациялоо стратегиясы (Монетардык-фискалдык аспект)». «Диссернеттин» маалыматы боюнча, Жапаров ишиндеги тексттин эң көп бөлүгүн кыргыз окумуштуусу Шайлообек Мусакожоевдин эмгегинен көчүрүп алган. Бирок депутат плагиатка барбаганын айтып, өзүнүн мурунку иштеринен маалыматтарды алганын билдирди.

Эмне үчүн Жапаров диссертацияны көчүрбөдүм деп эсептейт?

Депутаттын айтымында, ал Мусакожоев менен биргеликте бир канча эмгектерди жазган — ошол эмгектердеги маалыматтарды өзүнүн докторлук диссертациясында колдонгом дейт ал.

«Негизги шилтеме Мусакожоевдин эмгектерине берилип жатат. “Инновациялык модернизациянын стратегиясы” — бул китеп Мусакожоев менен биргеликте жазылган. 2010-жылы басылып чыкканы менен, негизи 2008-жылы жазылган эле. Ал эми “Стратегиянын модернизациясын” да аны менен авторлош болуп жазганбыз. Ал китеп 2007-жылы басылып чыкты», — деди Жапаров.

Муну менен катар депутат 2007-жылы диссертациясына окшош аталыштагы «Экономиканын модернизациясынын стратегиясы. Монетардык-фискалдык аспект» аттуу китебин жазганын айтты — аны да өз эмгегинде колдонгон.

Жапаров «Диссернеттин» айыптоолорун четке кагып, «эмгегинде плагиат жок деп эсептээрин» билдирди.

«Илимий эмгегимден уялбайм. Ал дегеле бар болчу, мен аны колдонуп лекция окуп келем. Позициям болсо төмөндөгүчө: мен эмгегимди өзүм коргогом, жазгам жана аны дагы бир ирет кандай жагдай болбосун коргоого даярмын», — деп жооп берди депутат.

Профессор Мусакожоев «Клоопко» берген интервьюсунда, алардын жалпы эмгектеринин пайдаланылышы боюнча Жапаровго доосу жок экенин билдирди. Профессордун айтымында, депутат биргеликте даярдалган монографияларды керек болсо шилтеме бербей колдонууга укугу бар.

«Кимибиз болбосун маалыматтарды бири-бирибизден алсак болот. Биз чогуу эмгектенип, макалаларды, монографияларды даярдаганбыз. Албетте, диссертацияда ошол маалыматтар камтылат да. Ал авторлош, анан эмне үчүн чогуу жазганыбызга шилтеме бериши керек?» — деди Мусакожоев.

«Диссернет» башка булактардан да плагиат тапкандыгы тууралуу суроого профессор Жапаровду «жаңылыштык кетирип», шилтеме бергенди «унутуп калгандыр» деп божомолдоду.

«Эгерде чогуу эмгектерибиз жок болуп, мага шилтеме бербей, мени көрсөтпөсө — анда бул башка кеп болмок», — деп билдирди ал.

Эмне үчүн «Диссернеттин» оюнча, Жапаров плагиат кылган?

«Диссернеттегилер» Жапаров менен Мусакожоевдин орток иштерин текшерүүгө албаганын айтышты. Бирок, ага карабастан, уюмдагылар өз алдынча автордук принцибине таянып Жапаровдун текстин плагиат деп эсептешет.

«Башында илимий иш жарык көрдү дейли жана анын он автору бар. Өз алдынча автордук принциби ошол эле текстти камтыган он диссертациянын кийинчерээк пайда болушуна жол бербейт», — деп түшүндүрүштү эксперттер.

«Диссернеттегилер» билдиришкендей, Жапаров колдонулган адабияттардын тизмесинде Мусакожоев менен бирге жазган эмгектерине да шилтеме берген эмес. Библиография тизмесинде КЭУнун профессорунун үч гана монографиясы бар.

Андан тышкары, уюмдагылардын ырасташынча саясатчы өз диссертациясынын бир бөлүгүн үч кыргыз окумуштуусунун эмгегинен, орусиялык студенттин курстук ишинен жана «АКШнын экономикасынын очерки» брошюрасынан көчүрүп алган.

Бул төрт кишинин иштери жана ысымдары диссертациянын эч бир жеринде эскерилбейт жана алардын биргелешкен эмгектери да табылган эмес.

Эксперттердин белгилешинче, анын доктордук ишинин өзгөчөлүгү — «экономикалык жашоо», «базар экономикасы» жана «сапат жана баа стандарттары» деген сөз айкаштарынын ордуна «модернизация» деген сөздү улам-улам пайдаланганында. Сөздөрдүн бул жол менен алмаштырылганын мисалы 23-беттен 26-бетке чейин байкоого болот.

Мисалы:

Жапаров А. У., 25-бет:

Правительство стремится снизить безработицу, стабилизировать цены, способствовать росту экономической активности в области модернизации.

Мусакожоев Ш.М., 52-бет:

Правительство стремится снизить безработицу, стабилизировать цены, способствовать росту экономической активности.

Жапаров А. У., 33-бет:

Растущее признание этих проблем, в свою очередь, дает толчок к периодическим попыткам модернизировать действующие программы.

Мусакожоев Ш. М., 57-бет:

Растущее признание этих проблем, в свою очередь, дает толчок к периодическим попыткам реформировать действующие программы.

Жапаровдун диссертациясынын 175-бетинде Кыргызстандагы өнүгүү этаптарынын «хронологиялык ордунан таюусу» көрсөтүлөт. 2008-жылдан 2010-жылга чейинки биринчи баскыч, Жапаровдун версиясы боюнча, 2008ден 2009-жылга чейин деп белгиленет. Ал эми экинчи баскычта «2010-2012» деген маалымат «2009-2010» деп өзгөртүлгөн.

152-беттеги Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнүн негизи «Өлкөнүн өнүгүү стратегиясы» деп өзгөртүлгөн. Ал эми 92-бетте Орусиянын маалыматтарына болгон байланыш жоголуп кетет. Ал эми диссертациянын экинчи бөлүгүндө (53-70 беттер) дээрлик сөзмө-сөз 2003-жылы чыккан АКШнын экономикасынын очерки менен дал келет.

«92-бетте “Орусия” белгисиз тарапка жок болуп кетет, ал эми “орусиялык банктар” жана “Орусияга салык төлөөчү деп эсептелбеген уюмдардын” так бир мамлекетке байланыштуу экени жоголуп, жөн гана “банк” жана “салык төлөбөөчү уюмдар” болуп калган», — деп жазат «Диссернет».

«Диссернет» деген эмне?

Орусиялык ыктыярчылардан турган коомчулук. Алар окумуштуулардын диссертацияларында плагиат бар-жогун текшеришет. «Диссернеттин» текшерүүсүнөн кийин 200дөн ашуун киши өзүнүн илимий даражасынан кол жууп калган. Алардын арасында Мамдуманын депутаты Ришат Абубакиров жана Москва шаардык кеңешинин мурдагы төрагасы Владимир Платонов да бар.

«Диссернет» туурасында кеңири бул жактан окуй аласыз

Уюмдун эксперттери 2018-жылдын июнунан тарта кыргыз илимпоздорунун иштерин текшерүүгө ала башташкан. Жапаровдон тышкары илимий иштеринен плагиат табылган ири аткаминерлер Бишкектин мурдагы вице-мэри Эркинбек Исаков, ИИМдин министринин мурдагы орун басары Бактыбек Алымбеков жана Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Турдукан Жумабекова болуп калышкан.

Иштеринен плагиат табылган илимпоздордун көпчүлүгү көчүрүп алуу фактысын четке кагып, «Диссернетти» алдамчылар деп аташат, ал эми алардын экспертизасын «буйрутма» деп эсептеп келишет. Изилдөө жарыкка чыккандан кийин Исаков гана Жогорку аттестациялык комиссияга (ЖАК) кайрылып, илимий даражадан ажыратууну өтүнгөн. Бирок, анын айтымында, ал азырынча ЖАКтан расмий жооп ала элек.

Комиссиядан билдиришкендей, алар «ачыкка чыкан плагиаттан» кабардар. Алар «катуу, мыйзам чегинде иштешээрин» убадалашып, ошол эле учурда ЖАКтагы диссертацияларга кирүүгө бөгөт коюп, илимий иштердин көчүрмөсүн берүүдөн баш тартышты.