Акылбек Жапаров: Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга 3 млрд доллардын ордуна 6 млрд жумшалат

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Камбар-Ата-1 ГЭСнин курулушунун баасы 3 млрд доллардан 6 млрдга өскөнүн билдирди. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Камбар-Ата-1 ГЭСнин курулушунун баасы 3 млрд доллардан 6 млрдга өскөнүн билдирди. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.

Жапаров бийлик эң ири долбоор – Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу иштерин баштаганын жарыялады.

«Эгерде 2014-жылдагы техникалык-экономикалык негиздемесинде карай 3 млрд доллар болсо, андан бери материалдардын баары кескин кымбаттады. Биздин эксперттердин эсебинде, бул 5-6 миллиард долларлык экономикабыздагы ири долбоорлордун бири. Буга байланыштуу бир топ мыйзамдарга да өзгөртүү киргизишибиз керек. Силер менен чогуу суроо-талаптарыбызды чечебиз деген үмүтүбүз бар», – деди өкмөт башчы.

2022-жылдын март айында Акылбек Жапаров өкмөт Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу үчүн 20 млн доллар бөлүүнү пландап жатканын билдирген.

Минкабдын башчысы Камбат-Ата-1 ГЭСи ишке кирип калса ал Камабар-Ата-2 ГЭСнин ишине мүмкүнчүлүк берерин кошумчалаган.

«Ошондо ишке кирген эки ГЭСтин толук жана белгиленген кубаттуулугу 1000 мегаватты түзөт. Эгер аны пайдалуу киловатт сааттарга айлантсак, бул болжолу менен 3,5-4 млрд Квт саат. Бул болжолу менен азыр Токтогул ГЭСи иштеп чыккан көлөмгө барабар», — деген Жапаров.

2022-жылдын июнунда Жалал-Абад облусунда Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу башталган. Иш-чарага президент Садыр Жапаров катышкан.

Энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев журналисттерге Камбар-Ата-1 ГЭСинде жалпы төрт агрегат иштей турганын, биринчисин 2028-жылы ишке киргизүү пландалып жатканын белгилеген.

Мындан тышкары, Бекмурзаев бүгүнкү күндө Камбар-Ата-2 ГЭСинде бир агрегат иштеп жатканын, экинчи агрегатты 2024-жылдын аягында ишке киргизүү пландалып жатканын айткан.