Кыргызстанда «жашыруун» сатылган алтындын айланасында чуу чыкты. Дээрлик 20 тонна кыргыз алтыны 2021-жылдын жазында эле сатылган, бирок бул азыр гана талкуулана баштады. Бирок бийлик коопсуздук максатында деген жүйөө менен алтын кимге, кайсы өлкөгө сатылганы тууралуу маалыматты ачыктоодон баш тартып жатат.
Эмне болду?
Бийлик 19 тоннадан ашык алтынды сатып алган тарап жөнүндө маалыматты жашырып койгону 18-августта белгилүү болду. «Азаттыктын» журналисттери Улуттук статкомдун июлда жарыяланган жаңыртылган маалыматтарына көңүл бурушкан. Анда 2021-жылы Кыргызстан өзү үчүн рекорд деп эсептелген 24,8 тонна алтын сатканы айтылган.
Төрт тонна алтын Улуу Британияга, бир тоннасы Швейцарияга сатылган. Продукция чакан партиялар менен Орусияга, Кытайга, Италияга жана Түркияга дагы жеткирилген.
Бирок негизги бөлүгү — баасы 1,1 млрд доллар 19,2 тонна алтын, Улуттук статкомдун маалыматына ылайык — «белгисиз өлкөгө» экспорттолгон.
Улуттук банк алтын «Европа өлкөлөрүнүн бирине» сатылганын ырастады, ал эми президент Садыр Жапаров маалымат «коопсуздук максатында» жашыруун экенин билдирди.
Алтын Швейцарияга сатылганбы?
Бир нече күндөн кийин соцтүйүн колдонуучулары Швейцария 2021-жылы Кыргызстандан 1,2 млрд долларлык чийки зат сатып алганы тууралуу макроэкономикалык маалыматтар чагылдырылган Trading Economics агрегатынан алынган скриншотту бөлүшө башташкан.
«Клооп» Швейцария Кыргызстандан 1 млрд доллардан ашуун суммага алтын сатып алганы тууралуу маалыматтын тастыктамасын тапты. Швейцариянын Федералдык бажы жана чек ара коопсуздугу, тышкы соода башкармалыгынын маалыматтык базасына ылайык, бул өлкө 2021-жылдын апрелинде Кыргызстандан баасы 1,1 млрд доллар турган 20 тонна алтын сатып алган.
Федералдык бажы жана чек ара коопсуздугу, тышкы соода башкармалыгынын маалыматтык базасына ылайык, бул өлкө 2021-жылдын апрелинде Кыргызстандан баасы 1,1 млрд доллар турган 20 тонна алтын сатып алган.
TradeMap’тин маалыматына ылайык, Швейцария буга чейин дагы Кыргызстандан алтын сатып алган, бирок анда сатып алуулардын суммасы 50 млн доллардан 430 млн долларга чейин болгон. Жалпылап айтканда, Швейцария 2018-жылга чейин кыргыз алтынын алып турган башкы импортёр болгон (ал баалуу таштын 95%га жакынын импорттоп турган).
Сыягы, учурда Швейцария мурдагы ордун кайтарып жаткансыйт, себеби 1,2 млрд долларлык алтынды бир эле өлкөгө сатуу — Кыргызстандын тарыхындагы эң эле ири макулдашуу. TradeMap’те 2002-жылдан берки маалыматтар бар — аларга ылайык, мурда эң эле ири алтын экспорту 2020-жылы Улуу Британияга болгон, анын суммасы 800 млн доллардан ашуун сумманы түзгөн.
Акча кайда?
Улуттук банктын 23-августта жарык көргөн маалыматынан алтынды башкы банк өзү сатканы түшүнүктүү болду. Башкы банктын билдирүүсүндө алтын «Европа өлкөлөрүнүн бирине жеткирилгени» айтылат. Алтын сатуудан алынган валюта Улуттук банктын өзүнүн эле эсептерине түшкөн.
«Мындан ары аталган каражаттар 2021-жыл ичинде өлкөнүн ички валюта рыногунда интервенцияларды жүргүзүүгө (735 млн АКШ долларынын тегерегинде), чет өлкө валютасында өлкөнүн башка милдеттенмелерин жана тышкы карызды төлөө боюнча төлөмдөрдү жүргүзүүгө (200 млн АКШ доллары тегерегинде) багытталган», — деп билдирет Улуттук банк.
Аталган каражаттын эсебинен Улуттук банк өзүнүн эл аралык резевдеринин дагы деңгээлин 169,5 млн долларга көбөйткөнү айтылат — 2 млрд 977,6 млн долларга чейин.
Маалымат эмне үчүн жашырылган?
Буга байланыштуу 27-августта президент Садыр Жапаров дагы түшүндүрмө берүүгө аргасыз болду. Ал «Кабар» маалымат агенттигине курган маегинде 19 тоннадан ашык алтынды сатып алган тарап жөнүндө маалыматтарды «коопсуздук максатында» жашырышканын билдирди.
Ал алтынды жүктөп, кайсыл убакта кайсыл өлкөгө, кайсыл учак менен алынып кетип жатканы «өзгөчө жашыруун» процесс экенин белгилеген.
«Бул элден жашырыш үчүн эмес, коопсуздукту камсыз кылыш үчүн жашыруун болот. Элестеткиле, Улуттук банк бир миллиард доллардын алтынын алып кетип жатса, жетчү өлкөгө жетиш үчүн канча деген өлкөлөрдүн үстүнөн учуп өтөт. Анан баланча тонна алтынды баланча өлкөгө, баланча рейс менен алып кетип жатабыз деп жар салса, албетте, жетпей калышы мүмкүн», — деген Жапаров.
Анын айтымында, сатыктар бюнча бардык документтер архивде сакталып калат. Ошондой эле ал «мамлекетти эч ким алдай албасын», ал эми «Кумтөрдөн» азыр «бир килограмм алтынды мындай кой, бир грамм алтын эч ким уурдай албайт» деп кошумчалады.
Авторлору: Зулайка Эркимбаева жана Мундузбек Калыков.