Чуңкурчактагы той: Элдик майрамбы же тандалмалар үчүн концертпи?

Садыр Жапаров Чуңкурчак жайлоосунда. Сүрөт: Президенттин сайты.

31-августта Кыргызстанда Эгемендүүлүк күнү менен бирге Байтик баатырдын 200 жылдыгы белгиленди. Бул жылы бийлик салттуу мааракени ар жылы өткөрүлүп келген Бишкектин борбордук Ала-Тоо аянтында эмес, Чүй облусундагы Чуңкурчак жайлоосунда өткөрүүнү чечти.

Майрамды белгилөө үчүн табият койнуна президент Садыр Жапаров баштаган президенттик администрациянын бардык аткаминерлери барып, кыргызстандыктарды майрамы менен куттукташты.

Өз сөзүндө Жапаров мындан ары Эгемендүүлүк күн ар бир дубанда майрамдала турганын айтты. Бул «өлкөнүн бардык аймактарында жашаган элдин ынтымагын арттырып, биримдигин бекемдеп, карым-катнашын күчөтөт» деп эсептейт өлкө башчысы.

Жапаров учурда бийликтин негизги иши – эгемендүүлүктүн баркына жетип, ыйык сактоо, калктын социалдык-экономикалык бакубаттуулугун жогорулатуу жана реформаларды жүзөгө ашыруу экенин баса белгиледи.

Президент «Кумтөр» тууралуу дагы кеп козгоп, тагыраак айтканда, кыргыз бийлиги мынданы ары кенди өзү башкара баштаганын эскертип өттү.

«Быйыл жалпы аракетибиз менен мамлекеттин, улуттун кызыкчылыгы үчүн бекем туруп, өзүбүздүн позициябызды чечкиндүү түрдө коргоп, республикалык бюджеттин түзүлүшүнө чоң салым кошкон “Кумтөрдү” – улуттук кенчибизди өз энчибизге алдык. Буга жалпы элибиз маңдайы жарыла кубанды», – деди Жапаров.

Сөзүн жыйынтыктап жатып, президент элдин жүрөгүндөгү эркиндик деми өчпөсүн, «Кыргызстан өнүккөн, ар бир жаран өзүн бактылуу сезген өлкөгө айланышын» каалады.

Жеткиликтүү болбогон майрам

«Клооптун» кабарчыларынын байкоосунда иш-чарага 5 миңден ашык адам келген. Ал эми президенттик аппарат саамалыкка «коноктор республиканын бардык аймактарынан чакырылган» деп билдиришти.

Бирок Бишкектин четиндеги тоолуу аймакта белгиленген майрамга баары эле катыша алган жок. Мисалы, жеке унаасы жок адамдар жайлоого барышы кыйын, бирок унаасы болсо деле чакырымга созулган тыгында турууга туура келди.

Бирок бул жарандар кабылган тоскоолдуктардын акыркысы эмес. Жайлоого жетүү үчүн милиция тарабынан коюлган эрежелерге ылайык жүрүүгө туура келди. Бул тууралуу Kaktus.Media басылмасы Жол кайгуул кызматына таянып жазды.

Жайлоого үн басаңдаткычы (глушитель) иштебеген жана газ бөлүштүрүүчү механизмдин куру жок унааларды киргүзүүгө тыюу салынды. Асты жапыз унаалар да кирбей калышы мүмкүн болчу. Ошондой эле салмагы 3,5 тоннадан ашкан автобустар жана жүк ташуучу унааларга кирүүгө бөгөт коюлду.

Президент өзү жайлоого премиум класстагы Lexus жана Toyota Land Cruser унааларынан турган кортеж менен келди.

Тандалмалар үчүн отургучтар жана трибуна

Иш-чаранын дагы бир өзгөчөлүгү жогорку кызматтагы аткаминерлер театралдык шоу жана ат чабыш оюндарын президент менен бирге бастырманын алдындагы атайын трибунада отуруп көрүшкөнү болду.

«Клооптун» журналистинин байкоосуна ылайык, сахнанын алдына бастырмасы жок үч жүздөй отургуч орнотулду, бирок ал орундуктарга атайын чакыруу алгандар гана отуруп жатышты. Көрүүчүлөр отурган аймак тосулуп, күзөтчүлөр кайтарып турду.

Калган элдин баары концертти тоонун бооруна отуруп же туруп көрүүгө туура келди.

Кимдер атайын чакыруу алган – белгисиз. Ал арада презденттин карындашы Лазат Нуркожоева Инстаграм барагында расмий чакыруу жана атайын өткөрүү кагазын мактанууга үлгүрдү

Лазат Нуркожоеванын Инстаграм барагындагы тарыхчасынан скриншот.

Бирок, трибунада иш-чара бүткөнгө чейин отуруш керек окшойт. Мисалы, Kaktus.Media басылмасынын журналисттеринин маалыматына ылайык, парламент депутаты Фархад Исмаилов башында трибудана отурган, кийин сыртка чыгып, кайра келгенде кирүүгө жолтоо болушкан.

Элден оолак…

Президент отурган трибуна мамлекеттик күзөт кызматы тарабынан курчоого алынганына карабастан, бир айым президент Садыр Жапаров, минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров жана УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев отурган жерге барды.

«Ал минкабдын башчысы Акылбек Жапаровдун жанына жетти, ал эми өкмөт башчы колундагы катты президентке сунду[…] », — деп билдирди Kaktus.Media басылмасы.

Басылманын журналисттери жарыялаган видеодо президент катты алып окуганы, ал эми Ташиев көзү менен кимдир бирөөнү издеп жатканы байкалып турат. Андан соң УКМКнын башчысы туруп, бирөөнү көздөй басты.

«Кийин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев туруп барып күзөттөгүлөргө трибунага жакын тургандарды артка жылдырууга буйрук берди», — деп кошумчалады Kaktus.Media.

Президентке берилген бата

Келген коноктор концерттик программа жана ат чабыштан сыткары район, шаар же облустук администрациялардын көп сандагы боз үйлөрдөн тигилген этно-шаарчасына күбө болушту.

Боз үйлөрдө этникалык кийим-кече, тиричилик буюмдар, ошондой эле, жайлоого келген айрым коноктор гана ооз тийе алган даам-татымдар коюлду. «Клооптун» кабарчысынын айтымында, боз үйлөрдөгү дасторкондун үстүнө дүр-дүйүм даам — жаңгак, мисте, түрдүү жер-жемиш, эт, кымбат алкогол жана башкалар коюлган.

Коноктор боз үйлөргө топ-тобу менен кирип, артисттердин чыгармаларынын коштоосунда даам сызып, андан соң аларга эт, нан, жер-жемиш жана момпосуйлар салынган табак тартылды.

Коноктор боз үйдөн чыгып жатышканда аксакал төмөнкүдөй тариздеги бата берип жатты: Келгиле биздин урматтуу президентибизге [Садыр Жапаровго] элге жардам бергени үчүн ага жана анын жакындарына узун өмүр жана бекем ден соолук каалайлы. Эгемендүүлүктүн 30 жылында дал Садыр Жапаров — Кыргызстан үчүн көп иштерди жасаган президент болду.

Президентти расмий боз үйлөрдө гана эмес, башка жерде да мактап жатышты. Мисалга, сүрөтчү Айдар Касымбеков Садыр Жапаровдун портретин тарткан.

Садыр Жапаровдун портрети. Сүрөт: Жоомарт Дуулатов / Kloop.

«Садыр Жапаровду тартуу идеясы мага мурда эле келген. Анда ал абакта болчу. Ошондон бери портреттин үстүнөн иштеп жаттым. Өзүмдүн эмгегимди 10 миң долларга баалап жатам», — деди ал.

Касымбеков президенттин портретин Садыр Жапаровго белек катары берем деп ишендирди.