«Соцсервистин» мурдагы жетекчиси санариптештирүүгө делген акчаны уурдоого шектелип кармалды

УКМКнын кызматкерлери тарабынан «Соцсервис» мамлекеттик ишканасынын мурдагы жетекчиси А.А.Т. кармалды. Ал санариптештирүүгө делген каражаттарды уурдоого шектелип жатат. Бул тууралуу 1-сентябрда атайын кызматтын маалымат борборунан кабарлашты.

Маалыматта УКМК «Санарип Кыргызстан 2019-2023» долбоорлорун ишке ашырууда мамлекеттик ишканалар тарабынан бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз ээ болгон фактылар аныкталганы белгиленген.

УКМКнын маалыматына ылайык, 2020-жылы Санариптик өнүктүрүү министрлигинин түзүмүнө кирген «Соцсервис» ишканасына маалыматтык системаларды иштеп чыгып, аны Маданият, Саламаттыкты сактоо, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү жана Билим берүү министрлигине ишке киргизүү үчүн 101 миллион 900 миң сом бөлүнгөнү аныкталды.

«“Соцсервис” мамлекеттик ишканасынын директорунун жана министрликтердин жооптуу кызматкерлеринин кылмыштуу аракеттеринин натыйжасында республиканын бюджетине 38 миллион 740 миң сом зыян келтирилген, ошону менен катар “Санариптештирүү" боюнча алдын ала пландын чегинде белгиленген иш-чаралар бүгүнкү күнгө чейин жүзөгө ашырыла элек», — деп билдиришти УКМКдан.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттен «Соцсервистин» экс-директору убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин кошумчалашты. Тергөө иштери жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, «Соцсервистин» жетекчиси кармалганын УКМК ушул жылдын февралында кабарлаган болчу. Анда атайын кызмат «Соцсервис» мамлекеттик ишканасынын мурдагы директору Аман Абдылдаевди «Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу» беренеси менен кармаган.

Материалды жарыялап жаткан маалда «Клооптун» кабарчылары УКМКнын басма сөз кызматынан «Соцсервистин» мурдагы жетекчисиинин кармалышы боюнча абалды тактай алган жок.