Султанбаев президент парламенттин регламенти жөнүндөгү мыйзамга эмне үчүн кол койбогонун түшүндүрдү

Башкы прокуратура, Борбордук шайлоо комиссиясы, Жогорку жана Конституциялык сот, ошондой эле айрым мамлекеттик органдар парламенттин жаңы регламентинде бир катар карама-каршылыктар бар экенин аныкташты. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Султанбаев өлкө башчысы эмне себептен Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндөгү мыйзам долбооруна кол койбой, артка кайтарып бергенин түшүндүрдү.

Анын айтымында, мыйзам долбоору Конституцияга каршы келет. Султанбаев баш мыйзам депутаттарга Жогорку соттун төрагасынын жылдык отчетун угууга жол бербейт деп белгиледи.

«Кыргызстанда Жогорку соттун жана жергиликтүү соттордун статусун, көз карандысыздыгын жана өз алдынчалыгын төмөндөткөн мыйзамдар кабыл алынбашы керек», — деди ал.

Президенттин басма сөз катчысынын айтымында, Жогорку соттун төрагасынын отчетун угууну регламентке киргизүү мүмкүн эмес.

Жогорку Кеңештин жаңы регламенти

2-сентябрда президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндөгү мыйзам долбооруна кол койбой, каршы пикир менен кайтарып берген.

Парламент депутаты Исхак Масалиев «Клоопко» жакында президенттин пикирин карап чыгуу үчүн макулдашуу комиссиясы түзүлөрүн билдирген.

Буга чейин парламент Жогорку Кеңештин регламентти жөнүндө мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алган. Анда депутаттар добуш берүүдө «калыс» деген пункту киргизүүгө каршы чыгышкан. Ал пункт эгер депутат каттоодон өтүп, бирок добуш берүүдөн баш тартса, анын добушу эсепке алынбайт дегенди билдирет.

Регламенттин талкууга алынышына депутаттардын июндагы казино жөнүндөгү мыйзам долбооруна добуш берүүсү себеп болду. Анда депутаттар мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда колдоп беришкен. Бирок жыйын ызы-чуу менен коштолуп — айрым депутаттар добуш беришкен эмес жана мыйзам боюнча добуш берүүнү бөгөттөөгө аракет кылышкан.

Парламенттин регламентине ылайык, каттоодон өткөн бардык депутаттар мыйзам долбооруна добуш бериши керек болчу. Бирок парламенттин юристи депутат добуш берүүдөн баш тарткан учур регламентте жазылган эмес деп түшүндүргөн. Анын айтымында, мындай учурда үстөмдүк Конституцияга таандык болот жана мыйзам долбоору көпчүлүк добуш менен кабыл алынат деп айтылат.