Садыр Жапаров парламенттин регламенти жөнүндөгү мыйзамга кол койгон жок

Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндөгү мыйзам долбооруна кол койгон жок. Бул тууралуу «Клоопко» парламент депутаты Исхак Масалиев билдирди.

Эл өкүлү жакында президенттин каршы пикирин карап чыгуу үчүн макулдашуу комиссиясы түзүлөрүн айтып өттү.

«Мыйзам долбоору шашылыш кабыл алынган үчүн артка жөнөтүлүп калды. Айрым пунктарда президент менен макул болсо болсок, кээ бирине каршы пикирибизди билдиребиз», — деди Масалиев.

Депутат Жогорку Кеңештеги азчылыкка басым кылууга жол берилбеши керек деп эсептейт. Мисал катары депутат казинолор жөнүндө мыйзам долбооруна добуш берүүнү эскерди.

«Биз июнь айынын аягында күбө болгондой азчылыкка карата басым жасоо учурларына жол берилбеши керек. Биздин бардык ишмердүүлүгүбүз бүгүнкү иштеп жаткан мыйзамга ылайык болушу керек. Ал эми бул мыйзамда дагы деле оппозициялык азчылык, фракциялык көпчүлүк жана азчылык укуктары деген түшүнүк бар», — деп белгиледи Масалиев.

Эл өкүлүнүн айтымында, муну менен президенттик администрациянын кызматкерлери Жогорку Кеңештин ролун төмөндөтүүгө аракет кылып жаткандай таасир калтырат.

«Алар силер Жогорку соттун маалыматын уга албайсыңар, бул кийлигишүү болуп калат деп жатышат. Бирок биз өткөн жылдын жыйынтыгы менен өлкөдөгү сот адилеттигинин абалы боюнча Жогорку соттун маалыматын уккубуз келет деп жатабыз. Ансыз деле маалыматты угуу менен чечим кабыл албайбыз — сунуш гана берилет. Бирок президент жана анын администрациясы бул кийлигишүү болуп калат деп жатышат», — деди Масалиев.

Буга чейин парламент Жогорку Кеңештин регламентти жөнүндө мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алган. Анда депутаттар добуш берүүдө «калыс» деген пункту киргизүүгө каршы чыгышкан. Бул эгер депутат каттоодон өтүп жана добуш берүүдөн баш тартса, анын добушу эсепке алынбайт дегенди билдирет.

Регламенттин талкууга алынышына депутаттардын июндагы казино жөнүндөгү мыйзам долбооруна добуш берүүсү себеп болду. Анда депутаттар мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда колдоп беришкен. Бирок жыйын ызы-чуу менен коштолуп — айрым депутаттар добуш беришкен эмес жана мыйзам боюнча добуш берүүнү бөгөттөөгө аракет кылышкан.

Парламенттин регламентине ылайык, каттоодон өткөн бардык депутаттар мыйзам долбооруна добуш бериши керек болчу. Бирок парламенттин юристти депутат добуш берүүдөн баш тарткан учур регламентте жазылган эмес деп түшүндүргөн. Анын айтымында, мындай учурда үстөмдүк Конституцияга таандык болот жана мыйзам долбоору көпчүлүк добуш менен кабыл алынат деп айтылат.