Кудрет Тайчабаров Toyota Land Cruiser 200 унаасынан кол жууп калышы мүмкүн

«Бишкек» эркин экономикалык аймагынын (ЭЭА) автопаркындагы үч унаа, анын ичинде Кудрет Тайчабаровдун Toyota Land Cruiser 200 үлгүсүндөгү кызматтык унаасы Президенттин иш башкармалыгынын карамагына өтүшү мүмкүн. Бул тууралуу «Клоопко» ЭЭАнын башкы директорунун кеңешчиси Ильяз Ташбаев билидирди.

Анын айтымында, мындай сунуштаманы 2022-жылдын май айында ишканада болгон аудиттен кийин Эсептөө палатасы киргизген.

«Эгер биз бул эки автотранспорт каражатын [эки Lexus LX 470 жана Land Cruiser] өткөрүп берсек, биздин дежурда турган унаалардын абалын өзүңүздөр көргөнсүздөр, инвесторлорду тосуп, узата турган башка унаабыз жок калат. Ал эми инвесторлор бизге жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөн келишет, алар ири бизнесмендер, миллионерлер, олигархтар, биз аларды татыктуу тосуп алып, унаа менен алып жүрүп, аймакты көрсөтүшүбүз керек. Мунун баары имидж да», — деди Тайчабаровдун кеңешчиси «Клооко» курган маегинде.

«Бишкек» ЭЭАнын гаражынын жетекчиси Бактыбек Сманов ишкананын башкы директору Кудрет Тайчабаров Toyota Land Cruiser 200 унаасы ремонтто туруп калган учурда Toyota Camry 45 үлгүсүндөгү унаа менен жүрөрүн айтты. Ошондой эле анын штаттык айдоочусу бар.

«Toyota Camry 45 мурдагы жетекчи [Бактыбек] Кунаевдин тушунда сатып алынган (ал бул кызматта 2011-жылдын августунан 2012-жылдын сентябрына чейин иштеген — ред). Кызматкерлердинайтуусу боюнча, бул мурун авария болгон машина экен, кайра жасалып, азыр абалы өтө жакшы деп айта албайм, бирок эң жакшы машинелерибиздин бири ушул, эң тыңы, жакшыраагы», — деди ал.

Сманов Перзиденттин иш башкармалыгына өткөрүлүшү мүмкүн болуп турган Lexus LX 470 унаасы да эскирип калганын айтты.

«Акыркы жолу Пакистандык делегацияны тосуп алдык. Жолдо баратып унаа токтоп калды, аларды жеке [өзүбүздүн] унаа менен алып кетүүгө туура келди. Көпчүлүк Lexus — өтө мыкты, кымбат унаа деп ойлошот, бул унаага 21 жыл болду. Рынокто анын баасы азыр 12-23 миң доллар», — деди Сманов.

Сүрөт: «Клооп»

Президенттин иш башкармалыгынан «Клоопко» унаа мекеменин гаражына Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык өткөрүлүп жатканын айтып түшүндүрүштү.

«Мамлекеттик орандардарды тейлөө үчүн берилген жеңил унаалардын лимитинен ашкан унаалар Президенттин иш башкармалыгынын гаражына өтөт. Ошондой эле, кыймылдаткычынын көлөмү 2700 куб. см ашпаган унаалар токтомдун 1-тиркемесинде көрсөтүлгөн кызмат адамдарынын пайдалануусуна берилсе болот. Бул унаалар кызматтык унаага көбүрөөк муктаж болуп жаткан маморгандарга бөлүштүрүлөт. Президенттин иш башкармалыгынын гаражынын негизги функциясы өлкө жетекчилигин, Жогорку Кеңеш жана Президенттин администрациясын транспорт менен камсыздоо болуп эсептелет», — деп билдиришти иш башкармалыктан.

ЭЭАнын балансында атайын техникаларды кошкондо жалпы 61 транспорт каражаты бар. Учурда 32 унаа жараксыз абалда. Жеңил унаалар боюнча айтсак, 15 унаадан тогузу гана иштейт.

Кудрет Тайчабаров деген ким?

Кудрет Тайчабаров 2020-жылдан тартып «Бишкек» ЭЭАнын башкы директору. Ал үстүбүздөгү жылдын январь айында Бишкектин Аалы Токомбаев көчөсүндө Toyota Land Cruiser үлгүсүндөгү унаасы менен жол кырсыгына кабылган.

Натыйжада Daewoo Kalos үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу — 22 жаштагы жигит жабыркап, ооруканага жеткирилген. Тайчабаров өзү жабыркаган эмес. Ал кырсыкка Daewoo үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу күнөөлөгөн. Кийинчерээк Toyota Land Cruiser 200 унаасы ишкананын балансына «Бисталь» компаниясынын карызынын эсебинен келгени белгилүү болгон. «Рейтинг.kg» Ютуб каналына берген интервьюсунда Тайчабаров мындай практика мыйзамды бузбай турганын айткан.

Учурда Тайчабаров аялдардын дарегине карата айткан сексисттик сөздөрү менен белгилүү. Мисалы, ал кыргыз кыздары Түркияга барып, сексуалдык кызмат көрсөтүү тармагында иштеп жатышат деп айткан.

Аткаминер муну менен эле токтоп калбастан аны сындаган аялдарды тамеки чегет деп айткан. Ал аялдардын тамеки чегүүсүнө тыюу салууну талап кылган.

Тайчабаров «Рейтинг.kg» каналына берген интервьюсунан кийин дагы сынга алынган. Анда ал жумушуна байланыштуу «кымбат буюмдарды пайдаланууга туура келерин» айткан.

Иллюстратор, сүрөтчү Нурбек Насыранбеков ЭЭАнын жетекчисине арнап иллюстрациялык сүрөт тарткан. Илююстрацияда Тайчабаров Rolex компаниясынан кымбат баадагы саат сатып алып жатып «баш оору мамкызматты» жек көрөм деп айтып жатканы чагылдырылган.

Автору: Зулайка Эркимбаева