Тайчабаров: Ата-энелер кыздарынан машина менен iPhone 13тү кайсы каражатка алганын такалап сурашы керек

Бишкек эркин экономикалык аймактын жетекчиси Кудрет Тайчабаров депутат Шайлообек Атазовдун 18-20 жаштагы кыздарды ата-энеси же күйөөсү жок өлкөдөн чыгарбоо сунушу боюнча Фейсбук барагына пост жазды. Анын пикири коомчулукта талкуу жаратып, «Меместандын» соцтармактардагы барыгында ар түрдүү мемдер жарыяланды. Тайчабаров ага жооп иретинде «соттолуп кеткенде жалдырап, ыйлап келбегиле» деп билдирүү таратты.

«Ата-энелер кыздары кайсы каражатка iPhone 13 сатып алганын такалап сураш керек»

Кудрет Тайчабаров.

Тайчабаров ушундай эле сунушту парламентте Атазовдон мурда экс-депутат Ыргал Кадыралиева көтөргөнүн эскертип, Орусия менен Түркияда иштеген кыздардын бир бөлүгү «сойку болуп иштеп жаткандыктан» ушундай мыйзам долбоору иштелип чыкканын айтты.

«Атазовду тепкилеп бүттүңөрбү? Эми мени тепкилегиле. Негизи, тыйындын аркы бети да болот. Ошону ойлоп коёлу… Ыргал Кадыралиева жыргаганынан сунуш кылган эмес. Москвада кыргыздын кыздары сойку болуп иштей баштаганын көрүп, Түркияда иштеген кыздардын 30 пайызы сойку болуп жатканын угуп ушундай мыйзам сунуш кылган. Ошон үчүн Атазов жаңылык кылган жок», — деди ал.

Андан сырткары Бишкек ЭЭАнын башчысы Атазовдун мыйзамын колдобой турганын баса белгилегени менен «кыздарды ата-энелери катуу көзөмөлгө алышы керек» деген оюн билдирди.

«Кыздар кайсы акчага, ким менен чет өлкөгө барып келип атат. [Ата-энелер] кыздары кайсы каражатка машина, iPhone 13 сатып алганын такалап сураш керек. Ата-энеси кызы эмне кылып жүргөнүн билбегени менен атайын кызматтар, чет өлкө менен иштешип жүргөндөр ушинтип эле угуп калат тура», — деди ал.

Ошондой эле Тайчабаров кыргыз кыздарынын «көбү Түркияда сойку болуп иштеп жүргөнү илгери эле маалым болчу» деп жазды.

«Дубайга бир жумага “эс алганы” барган кыргыз кыздары жашына карап 5 миң доллардан 25 миң долларга чейин иштеп келип жатышыптыр… Ошол себептен жаш эле кыздар машина минип, iPhone 13 көтөрүп, ресторандардан башы чыкпайт экен. Кыргыздын белгилүү эле ырчы, актриса, блогер, модель кыздары ушинтип иштеп жүргөнүн угуп шок болдук. Өзгөчө инстазвездалар ушинтип жан багышат тура», — деп жакында эле уккан маалыматы менен бөлүштү.

Тайчабаров анын пикирине «18 жашка чыгып, өзүм билем деп шаарда өсүп, орусча тарбияланып калган кыз-келиндер актанып, чабуулга өтүшү мүмкүн» деп эсептейт.

Тайчабаровдун билдирүүсү жөнүндөгү мэмдер

Бишкек ЭЭАнын башчысы Кудрет Тайчабаровдун пикири айрыкча Инстаграмда сынга алынып, «Меместан» баракчасы түрдүү мэмдерди жарыялады.

Тайчабаров социалдык тармактарда ал тууралуу мэмдер пайда болгондо «алыңарга карап тийишип жургүлө», «эртең ыйлабагыла, айтып коёюн» деп эскертүү берди.

«Ойлоп атасыңарбы, фейк баракча менен шыбап алсак таппай калат деп? Эртең камалып кеткенде же соттон утулганда, төлөй албайм, кечирип коюңузчу, балам бар эле, билбей калыпмын, байкуш элем деп ыйлабагыла айтып коёюн», — деди ал.

Ошондой эле аткаминер буга чейин аны «ушинтип фейк баракча ачып алып шыбап жүргөн бирөө азыр эки көзү төрт болуп камакта жатат» деп кошумчалады.

Ал эми «Меместан» барагынын ээси, журналист Арген Бактыбек уулу Кудурет Тайчабаров аларды сотко берем деп коркутуп жатканын айтты. Ал «Меместан» барагы фейк эмес экенин белгилеп, тамаша жана юмор үчүн эч кандай жаза каралбаганын эске салды.

«Ал кишиге сарказм, ирония деген сөздөр жакын эмес окшойт. Биз бүгүн анын посту тууралуу төрт-беш мэм чыгардык. Абдан күлкүлүү нерселерди жазды. Аны биз шылдыңдадык, туура. Бирок бизге буга мыйзам, Конституция укук берет. Кийин президент Садыр Жапаров дагы “мен тууралуу мэм жасай бергиле, окуйм, мага жагат” деген болчу. [...] Ал күлкүлүү пост жазды. аны эмне дейсиңер. Юморду дагы тыйганы жатасыңарбы», — деп суроо салды ал.

Тайчабаров 2020-жылдын октябрында бийлик алмашкандан кийин «Бишкек» ЭЭАнын башчысы болуп дайындалган. Анын бир тууган карындашы Адинай Марипова болсо президент Садыр Жапаровдун кеңешчиси болгон. Ага чейин президенттик шайлоодо Жапаровдун шайлоо штабында иштеген. Ошондой эле Марипова 2021-жылдагы парламенттик шайлоодо «Ынтымак» партиясынан талапкерлигин койгон. Бирок мандат алуу үчүн жетиштүү добуш ала алган эмес.

Атазовдун чуулгандуу демилгеси

Атазов 18-20 жаштагы кыздарды өлкөдөн чыгарууга тыюу салуу боюнча чуулгандуу демилгесин Жогорку Кеңештин 9-июнундагы жыйынында демилгелеген.

«Мигранттарыбызда аябай маселе көп. 18-20 жаштагы кыздарыбызды чет өлкөгө ата-энелери менен чыгарсак, турмушка чыккандан кийин чыкса, же болбосо ушул багытта миграция тармагы бизге атайын комитетке келип маалыматтарды берсе. Бул боюнча мыйзамдарды дагы карасак», — деген Атазов.

Бирок Конституцияда Кыргызстандын жараны республиканын чегинен тышкары эркин чыгууга жана тоскоолдуксуз кайтып келүүгө укуктуу экени, өлкөдөн чыгуу укугун чектөөгө мыйзамдын негизинде гана жол берилет деп жазылган.

Бишкек шаарында активисттер Атазовдун сунушуна каршы чыгып, бир нече жолу митинг уюштурушкан. Алар депутат Атазов мандатын тапшырсын деген талап коюшкан.

Тема боюнча:

«Атазов мандатыңды тапшыр». Бишкекте аялдардын укугун коргоого арналган митинг өттү

Бир кадр менен: Активисттер Атазовдон мандатын тапшыруусун талап кылышты