Депутат Таштанбеков зомбулукка кыска юбка кийген окуучуларды айыптады. Эмне үчүн бул туура эмес?

13-сентябрда парламенттин укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинде киши колдуу болгон 14 жаштагы кадамжайлык Айдай Кочкорованын өлүмүнө байланыштуу маалымат талкууланды.

Жыйында депутат Акбөкөн Таштанбеков кээ бир окуучу кыздар өтө эле кыска юбка кийип алып зордук кылган адамдарды азгырып жатат деп билдирди.

«Мигранттарга жумуш бере албагандан кийин жок дегенде ошолордун балдарын каттоого алуу керек. [...] Кээ бир окуучу кыздар өтө эле кыска кийип турат. Менин оюмча кээ бирде кыздар провокация кылып атат да. Эми ал жөнөкөй адам өтүп баратса аны байкабайт, бирок жанагы педофилге окшогондор ошолорду байкап эле артынан түшүп атпайбы. Ошон үчүн ата-энелер, мугалимдер, коомдун баары, ошол маселени чечүүгө жакын болгондордун баары [маселени] чечишибиз керек. Ошон үчүн мыйзам эмес, жалпы коом өзү ошону менен күрөшүшү керек го. Жанагы мен айтып аткан кыска юбкадан баштап, участковыйлар ошол балдарга, ата-энелерге барып, жок дегенде бир жумадабы, бир айдабы, бир барып карап, көз салып, эмне кылып атат, кимдер менен жүрөт жана сиз айтып аткандай чоочун машиналарга отурбай тургандай кылып», — деди депутат.

Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев иликтөөнүн жүрүшү тууралуу маалымат берди. Ал кызды өлтүрүүгө шектелип төрт жаран кармалганын, жакын арада иш сотко өтөрүн билдирди.«Биз эмне үчүн андай болгонун анализдеп жатабыз. Кыздын ата-энеси Орусияда иштейт — жакында эле кетишкен экен. Кыз мектепте жакшы окучу экен. Биз ал кандайча ичинде төрт бала отурган машинага отурганын аныктайбыз», — деди ал.

Депутат Эмил Жамгырчиев кесиптешине өлкөдө зордук-зомбулук «өнөкөткө» айланып калганын — ай сайын бирден-экиден болуп атканын эске салды. Ал балким депутаттар туура эмес мыйзмадарды кабыл алып жаткандыр деп болжоду. Анын пикиринде, болуп кеткен кылмышты талкуулабай алдын алуу иштерин жүргүзүү керек.

Акыйкатчынын билдирүүсү

Депутаттардын кийин акыйкатчы Атыр Абдрахматова сөз алды. Ал зомбулук үчүн жашы жете электердин өздөрүн айыптоодон оолак болууга чакырды.

«Азыр жалпы маалыматты уктук. Балдарга карата зордук-зомбулук маселесинде балдар өзү күнөөлүү, анткени интернетте ыплас нерселерди көрүп, ошолорду кайталашат, анан интернет клубда отурушат жана башка деп, тилекке каршы, балдардын өзүн күнөөлөп койдуңар да. Менде азыр бир гана суроо бар, депутаттарга так маалымат берсеңиздер. Ушул зордук-зомбулук, сексуалдык ыдык боюнча жаш өспүрүмдөр, 18 жашка чейинкилер канча кылмыш ишин кылган жана 18ден жогорулары канча кылмыш иш кылышкан?» — деп сурады акыйкатчы.

Министрдин орун басары бул суроого жооп бере алган жок. Анда Абдрахматова Башкы прокуратуранын маалыматтарын келтирди. Ал 2021-жылы жашы жете электер тарабынан 5 зордуктоо фактысы жана чоңдор тарабынан 38 факты катталганын билдирди.

«Балдар өзү күнөөлүү, балдардын жүрүм турум себеп деп жатышат да. Негизи эле балдардын сексуалдык, денелик коопсуздугуна жоопкерчиликтүү боло тургандар чоңдор өзүбүз. Өзүбүз үлгү болушубуз керек. Ошол кылмышка барып жаткандар, тилекке каршы, моюнга алуу керек, азыркы Кадамжайдагы окуяда дагы үч шектүү адам, үчөөнүн тең жашы 18ден жогорулар. Алар жаш балдар эмес», — деп белгиледи Абдрахматова.

Эмне үчүн Таштанбековдун айткандары туура эмес?

Виктимблейминг — бул кылмыш үчүн күнөөнү жарым-жартылай же толугу менен зомбулуктан жабыркаган адамдын өзүнө жүктөө. Башкача айтканда, виктимблейминг — адамдар кылмышты айыптагандын ордуна жабыркаган адамды күнөөлөп, кылмышкерге болушканга аракет кылышат, мисалга, өзү азгырды да, өзүнүн жүрүм-туруму начар, ал жакка өзү барды да, кунаажын көзүн сүзбөсө бука кайдан секирмек эле деген сыяктуу сөздөрдү айтышат.

Таштанбековдун айткандары — кадимки эле виктимблейминг, кылмыштан жабыр тарткан адамды ага өзү себепчи деп айыптоо болуп эсептелет.

Эмне үчүн виктимлейминг кооптуу?

Виктимблейминг көп учурда жабырлануучунун жана анын жакындарынын кайрадан жабыркашына алып келет. Ал зомбулукту нормалдаштырат. Виктимблеймингдин негизин жабырлануучу башынан өткөн окуяга өзү татыктуу деген идея түзөт. Ушундан улам, айрым адамдар, Кыргызстанда негизинен аялдар жөнүндө сөз болгондо аларды сабап, зордуктап жана өлтүрүүгө болот дешет. Анткени «өздөрүн туура эмес алып жүргөн», «көзүн сүзүшкөн», «унаага өздөрү отурушкан», «кечинде көчөдө жүрүшкөн», «тамеки чегип, алкогол ичишкен», «ачык кийим кийишкен» жана башка нерселерде жасап жүрүшкөн деп айтышат. Виктимблеймингден улам жабырлануучу сөзгө калуудан коркуп, укук коргоо органдарына кайрылуудан баш тартат.

Виктимблейминг кылмышкерлерди эмес, зомбулуктан жабыркагандарды чектейт. Коомчулук жабырлануучу үчүн бир катар эрежелерди иштеп чыгып, жабырлануучу болуп калбашы үчүн ошолорду сактоого тийиш деп эсептейт. Мисалы, ачык боёнбош керек же кыска юбка кийгени туура эмес деген сыяктуу. Бул эрежелердин чындыкка эч кандай тиешеси жок. Мисалы аялды зордуктоодон сактай турган универсалдуу кийим жок. Дүйнө жүзүндөгү сүрөтчүлөр зордукталган кыздардын жана аялдардын кандай кийим кийип жүргөнүн көрсөтүү үчүн бир канча жолу сүрөт көргөзмөлөрдү өткөрүшкөн. Көбүнчө алардын кийими күнүмдүк кийип жүргөн жинсы шым менен футболка болгон.

2018-жылы Токмокто зордук-зомбулуктан жабыркагандарга арналган What Were You Wearing? (Сен кандай кийинип жүрдүң эле?) деген аталышта көргөзмө өткөн. Анда сексуалдык зомбулукту башынан кечирген аялдардын кийими экспонат катары коюлган.

Автор көргөзмө аркылуу зордуктоого аялдын же кыздын кыска шымы, кыска юбкасы же көйнөгүнүн терең кесилген жакасы себеп болот деген калыптанган ойду (стереортипти) жокко чыгаргысы келген. Андагы көргөзмөгө кадимки эле футболка, жинсы, жоолук, халат жана башка ушундай эле кийимдерди кийип жүрүп зордукталган кыздардын жана аялдардын кийими коюлган.

Демек, жабырлануучуларга көптөгөн эрежелер бар, ал эми кылмышкерлер үчүн эч ким мындай инструкцияны түзбөйт. Адамдар агрессор аялдарга тийишкиси келген учурда, зордук-зомбулук жасоону каалап, өзүн кармана алабй жатканда эмне кылышы керек, кайда кайрылышы керек экени жөнүндө аз айтышат.

Андай болсо, аялдар корунуп, өз жашоосу менен социалдык активдүүлүгүн чектеши керек, ал эми агрессор өзүнүн жүрүм-турумун оңдоо үчүн эч нерсе кылбашы керекпи?

Виктимблейминг агрессордун колун бошотот. Кыргызстанда гендердик зомбулук окуяларынын (үй-бүлөлүк зомбулук, зордуктоо, мажбурлап никеге тургузуу максатындагы урдоо жана башкаларда) күнөөкөрү жазасын албайт. Сотко чейин аз эле иш жетет жана сот аны күнөөлү деп тапкан күнү да абактагы реалдуу мөөнөттү албайт.

Окуучу кыздын өлтүрүлүшү

Өспүрүм кыздын киши колдуу болгону 5-сентябрда белгилүү болгон.

Анда милициядан 4-сентябрь күнү Ош — Раззаков автожолунун 146-чакырымында Ноогардан айылынындагы селди буруп кетүүчү тоннелдин ичинде белгисиз кыздын сөөгү табылганын билдиришкен.

Жерине келген милиция кызматкерлери кыздын колдору артына байланганын, мойнунда жип менен муунтуудан калган издер бар экенин аныкташкан.

Аталган факт боюнча «Адам өлтүрүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. 5-сентябрда кылмышка шектелип Кадамжай районунун 1995, 1997 жана 1998-жылкы үч тургуну кармалган. Шектүүлөр убактылуу кармоо изоляторуна киргизилген.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы «Азаттыкка», тийиштүү экспертизалар жүргүзүлгөндөн кийин, тергөө «Зордуктоо» беренеси боюнча да иш козголушу мүмкүн деп билдирген.