Кадамжайда 14-жаштагы кызды өлтүрүүгө шектелип үч киши кармалды

Кадамжай районунда киши колдуу болгон 2008-жылкы кыздын сөөгү табылды. Баткен ОИИБнин басма сөз кызматы 5-сентябрда кыздын өлүмүнө шектелип үч киши кармалганын билдирди.

Милициядан билдиришкендей, 4-сентябрда саат 15:25 чамасында Кажамжай РИИБне Ноогардан айылынын түштүк тарабынан өткөн Ош — Раззаков автожолунун 146-чакырымындагы сел өтүүчү тюнелдин ичинде белгисиз кыздын сөөгү табылганы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Жерине келген милиция кызматкерлери кыздын колдору артына байланганын, мойнунда жип менен муунтудан калган издер бар экенин аныкташкан.

Аталган факт боюнча «Адам өлтүрүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Баткен ОИИБнен иликтөөнүн алкагында кызды өлтүрүүгө шектелип Кажамжай районунун 1995, 1997 жана 1998-жылкы үч тургуну кармалганын билдиришти. Милициядан шектүүлөрдүн биринин унаасында далилдер табылып, унаасы буюм далил катары алынганын кошумчалашты.

Кармалгандар убактылуу кармоо изоляторуна киргизилип, тергөө уланууда.

Башкы бетке илюстративдик сүрөт коюлду.