Коомдук тамактануучу жайлардын бирикмеси 50% жергиликтүү алкоголь сатылсын деген талапка каршы

Коомдук тамактануучу ишканалардын бирикмеси Министрлер кабинетинин кафе жана ресторан ээлерин менюга ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн салкындатуучу суусундуктарын жана алкоголдук ичимдиктерин 50%дан кем эмес киргизүү тууралуу сунушуна каршы чыкты. Бул тууралуу уюмдун сайтында айтылат.

Бирикменин мүчөлөрүнүн айтымында, ишканалар түрдүү себептерге байланыштуу ассортиментин жергиликтүү өндүрүштөгү ичимдиктер менен 50%га камсыз кыла албайт. Бул, алардын пикиринде, коррупциялык тобокелдиктерди жаратышы ыктымал.

«Ишканалар жана бирикменин мүчөлөрү ата мекендик өндүрүштүн өнүгүшүн толугу менен колдойт, бирок ал үчүн рыноктук атаандаштык сактылып, коомдук тамактануучу жайларды текшерүүдөгү коррупциялык көрүнүштөр азайышы керек», — деп билдиришти ассоциациядан.

Уюмдагылар минкабдын демилгеси атаандаштык тууралуу мыйзамды бузарын, анда рынокто атаандаштык эркин болушу керектиги айтыларын белгилешти.

Ал жактан кафе жана ресторандар ассортиментти тандоодо керектөөчулөрдүн суроо-талабы менен товардын баасына баш ийишерин кошумчалашты.

«Биз кардардын кызыкчылыгын карап иштейбиз — эгер адам жакшы көргөн ичимдигин сураса, биз анын тандоо укугун буза албайбыз да. Эгер андай болсо биз текшерүүчү органдардын алдында күнөөчүү болуп чыга келебиз да, бул өз кезегинде коррупцияга жана өлкөнүн бардык кафе-ресторандарынын ишин кыйындатат. Мындайча айтканда, ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоонун алдында ата мекендик ишкерлердин укугу бузулууда», — деп билдиришти уюмдагылар.

Ата мекендик ичимдиктерди чыгарган өндүрүүчүлөрдүн арасында, бирикмедегилердин белгилешинче, сапатка туура келген импорттук продукциянын аналогу дайыма эле табыла бербейт. Бул, уюмдун пикиринде, өлкөдөгү белгилүү коомдук тамактануучу жайлардын франшизалары үчүн токтом долбоорун ишке ашырылгыс кылат.

Алар аталган жайларда стандарт, продукциянын жана кошулмалардын сапаты боюнча талап күчтүү экенин кошумчалашты.

«Биз мыйзам чыгаруучулар бардык талаптын кызыкчылыгын эске алып, бул демилгени өлкөнүн ички мыйзамдарына жана эл аралык милдеттенмелерге туура келбеген, башкысы, аткарууга мүмкүн эмес демилге катары баш тартышарына үмүттөнөбүз», — деп билдиришти уюмдагылар.

Токтом долбоору эмне жөнүндө?

2022-жылдын августунла Экономика министрлиги кафе жана ресторан ээлерин менюга ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн салкындатуучу суусундуктарын жана алкоголдук ичимдиктерин 50%дан кем эмес киргизүүгө милдеттендире турган токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарган.

Токтом долбоорунун өзүндө бир гана алкоголсуз ичимдиктер тууралуу сөз болгон, ал эми маалымкат-негиздемеде алкоголдук ичимдиктер да белгиленген.

Кийин Экономика министрлигинин соода-сатык бөлүмүнүн жетекчиси Нурлан Жусумалиев демилге алкоголду камтыбасын билдирген. Ведомствонун пикиринде, аталган токтом долбоору ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоп гана чектелбестен, өлкөдө туризмдин өнүгүүсүнө жана инвестицияларды тартууга шарт түзөт.