Кафе жана ресторандардан ата мекендик өндүрүштөгү суусундуктарды сатууну талап кылышат

Кафе жана ресторандарды салкындатуучу суусундуктарды жана алкоголдук ичимдиктерди чыгарган ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоого милдеттендирүүнү каалап жатышат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин сайтында айтылат.

Экономика министрлиги токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Анда ресторан ээлерин менюга ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн салкындатуучу суусундуктарын жана алкоголдук ичимдиктерин 50%дан кем эмес киргизүү талап кылынат.

Аталган токтом долбоору ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоп гана калбастан, өлкөдөгү туризмдин өнүгүүсүнө жана инвестицияларды тартууга шарт түзөрү белгиленди.

Негиздеме маалымкатта бул талап Кыргызстандын ЕАЭБ жана БСУ (Бүткүл дүйнөлүк соода уюму) алдындагы милдеттерин бузбай турганы айтылат.