MediaHub’дын иликтөөсү: Куралдуу жаңжалга жөнөкөй жарандар катышканбы?

Кыргыз-тажик чек арасында 16-сентябрда кайрадан куралдуу жаңжал орун алды.

Бирок бул ирет Кыргызстандын чек арачылары аскердик жаңжалга кандайдыр бир куралдуу түзүмүнө таандык экени белгисиз жарандар катышып жатканын айтты.

Ал арада интернетте ок атышуу болуп жаткан аймактан тартылган видео жана сүрөттөр тарады. Алар негизинен тажик тараптын материалдары.

MediaHub’дын иликтөөчүлөрү 16-сентябрда Телеграмда xojai_alo_official каналы ачылганын кабарлашты.

«Канал Мастчох жана Гүлистан жерлигинде кандайдыр бир мобилизация жүрүп жатканын кабарлайт. Кадрларда ыктыярчылар бир нерсе жазып, камуфляжды кийип жатышканы көрүнүп турат. Башка тасмада эркек киши курал-жарактын баардык түрү бар экенин айтып берип жатат. Видео жөнөкөй жарандар да куралчан болгонун жана жаңжалга түздөн-түз катыштыгы бар деген ыктымалдуулукту көрсөтүүдө», — деп билдиришти журналисттер.

Журналисттердин айтымында, ошол эле каналдын башка видеосунда эч кандай белгиси жок камуфляж кийген адамдар тартылган.

«Бул адамдар кайсы бир аскердик күчкө кызмат өтөп жатканын билүү мүмкүн эмес. Тилекке каршы, алардын өздүгүн тактоого мүмкүн болгон жок. “Политклиникадагы” кесиптештерибиз басып алынган мектеп Кыргызстандын Ак-Сай айылында жайгашканын аныкташты. Кийинчерээк Кыргызстандын Чек ара кызматы тажик аскерлери оор куралдуу техниканы колдонушканын кабарлады. Ракеталар куралдуу жаңжал болуп жаткан аймактан алыс болгон Баткендин борборуна чейин жетип жатты», — деди алар.

Иликтөөчүлөр кыргыз чек арачылары 14-сентябрда эле чек арадагы куралдуу жаңжалда белгисиз адамдар карапайым калкка жана инфраструктуралык объектилерге ок чыгарган деп айтканын эске салышты.

Журналисттер 16-сентябрда кайталанган жаңжалда бул сөздөр ырасталганын белгилешти. Бирок тажик аскерлери куралдуу жаңжалга эмне үчүн жарандык кийим кийгендер аралашканы боюнча комментарий бере элек.