Чек ара кызматы: Тажик тарап оор техникадан тышкары тургундарды «тирүү калкан» катары колдонууда

Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында Тажикстан тарап оор техникаларды пайдаланып, андан тышкары жай тургундарды «тирүү калкан» катары колдонуп жатышат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, куралдуу кагылышууга тажик тараптан катышып жаткан кишилердин кийими түшүнүксүз жана Тажикстандын кандайдыр бир куралдуу түзүмүнө таандык экени белгисиз.

«Өздүк курам айыгышкан салгылашууну улантып, кырдаалга жараша адекваттуу чараларды көрүп, душмандын ок атуусун токтотуу үчүн заманбап курал-жарактарды жана техникаларды колдонуп жатат», — деп белгилешти Чек ара кызматынан.

Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуу 15-сентябрга караган түнү башталган. 16-сентябрда тажик тарап чек аранын бардык аймактарындагы аскердик жана жарандык объектилерге кол салган. УКМК Тажикстан Кыргызстандын аймагын басып алууну көздөп жатканын айткан.

Саламаттык сактоо министрлиги атышуунун кесепетинен 31 кыргызстандык жарадар болгонун билдирди. Ал эми Баткен районундагы чек арага чектеш айылдардын жашоочулары үйлөрүн таштап, коопсуз аймактарга чыгып кетип жатышат.

Ал арада активситтер Бишкектеги ак үйдүн алдына митинг уюштурушту. Ошондой эле Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында Баткен облусунун чек-арадагы ок атышуудан жабыркаган тургундарына жардам чогултуу жайы ачылды.

Тема боюнча:

Абдикарим Алимбаев тажик тараптын ок атуусун «агрессия» катары баалады

Кыргызстандын ТИМи чек арадагы ок атышуудан улам Тажикстанга нота жөнөттү