Агрессия. Эки тараптын ТИМи кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышууга мүнөздөмө берди

14-сентябрдан тартып Кыргызстан менен Тажикстандын чек арага жакын аймактарында аскердик кагылышуу башталды. Аскердик кагылышуулардын негизгилери 16-сентябрда болду. Ал күнү кечинде эки өлкөнүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетеринин башчылары ок атышуу токтогонун билдиришкен. Бирок чек ара тилкесине жакын аймактагы атышуулар кийинки күнү да токтогон жок. 18-сентябрь кечке жуук гана Кыргызстандын Чек ара кызматы чек арада абал турукташа баштаганын айтты.

«Клооп» чек ара аймактарындагы аскердик кагылышуу тууралуу эки өлкөнүн тышкы саясий мекемелери кандай билдирүүлөрдү таратканын талдап чыкты.

Кыргызстандын ТИМи эмне деди?

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги өзүнүн билдирүүсүн 18-сентябрь күнү кечке маал, Тажикстандын ТИМи тараткан билдирүүгө жооп катары жарыялады.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 14-сентябрдан 17-сентябрга чейинки аралыкта кыргыз-тажик чек арасында болгон окуяларды «Тажикстандын Кыргызстанга карата алдын ала пландалган куралдуу агрессия актысы» деп баалады.

«Тажикстан Республикасы БУУнун Уставында жана башка эл аралык документтерде бекитилген аймактык бүтүндүк, мамлекеттик чек аралардын кол тийбестиги, эл аралык талаш-тартыштарды тынчтык жолу менен чечүү, күч колдонбоо жана күч колдонуу менен коркутпоо, ошондой эле адам укуктарын жана эркиндиктерин сыйлоо сыяктуу өзөктүү эл аралык принциптерди одоно түрдө бузду», — деп айтылат Кыргызстандын ТИМнин билдирүүсүндө.

ТИМден Кыргызстан Тажикстандан айырмаланып «бир гана коргонуу позициясында аракеттенгенин» белгилешти.

«Кыргыз Республикасы Кыргызстандын аймактык бүтүндүгүнө жана эгемендигине жүзүкаралык менен кол салган тажик тараптан айырмаланып, бирөөнүн аймагын басып алуу максатын көздөбөстөн, жалаң гана коргонуу позициясын карманды. Бул айтылгандар Тажикстандын Кыргызстанга аймактык дооматтарынын бар экенин дагы бир жолу тастыктайт», — деп айтылат Кыргызстандын ТИМнин билдирүүсүндө.

Ошол эле учурда, министрликтин маалыматына ылайык, тажик тарап Баткен облусундагы Достук, Аксай, Интернационал, Жаштык, Борбордук, Арка жана Кулунду сыяктуу калктуу конуштарды «басып алган».

«Тажик тараптын мыйзамсыз аракеттери эки тараптуу жана көп тараптуу макулдашууларга, биздин өлкөлөрдүн элдеринин ортосундагы ынак коңшулаштыктын жана өз ара колдоонун духуна каршы келген агрессивдүү жана туруксуздукка алып келген аракеттер болуп саналат», — деп белгилешти Кыргызстандын ТИМнен.

Тышкы саясат мекемеси Кыргызстандын талаптарын угузду: Тажик тарап Кыргызстандын аймагына бастырып кирүүдөн баш тартып, «чек ара аймактарын эскалациялоону» токтотушу керек.

«Баткен облусунун Баткен жана Лейлек райондорундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бүткүл периметри боюнча калктуу конуштарга негизсиз кол салып, Баткен шаарынын райондук борборун аткылаган Тажикстан Республикасынын мыйзамсыз жана деструктивдүү аракеттерине каршы чечкиндүү нааразычылык билдиребиз (тастыктоочу видео материалдар бар)», — деп баса белгилешти мекемеден.

Министрлик тажик тараптын кыргыз аскерлерине карата бардык айыптоолорун «жоопкерчиликти жана күнөөнү Кыргызстанга оодаруунун маанисиз аракети» деп баалады. Кыргызстандын ТИМи Тажикстандын компетенттүү органдарынын маалыматы чындыкка дал келбейт деп баса белгиледи.

«Кыргыз тарапта агрессиянын башталышы жана ошондой эле Кыргызстандын аймагына тажик аскер кызматкерлери тарабынан жасалган мыкаачылык менен кылмыштарды тастыктаган бардык далилдер (фото жана видеоматериалдар) бар. Зарыл болгон учурда кыргыз тарап далил катары көрсөтүүгө даяр», — деп айтышты ведомстводон.

Жыйынтыктап жатып, ТИМ «тажик тарап баштаган кырдаал» Кыргызстандагы карапайым калк арасында олуттуу жоготууларга алып келгенин кошумчалады.

«Тажик тараптын аракеттери мамлекеттер аралык ири жаңжалдын чыгышына, ошондой эле бүтүндөй Борбордук Азия чөлкөмүндөгү кырдаалдын чыңалышына алып келиши мүмкүн», — деп айтылат тышкы саясат боюнча мекеменин билдирүүсүндө.

Тажикстандын ТИМи эмне деп жатат?

Тажикстандын тышкы саясатты жөндөгөн мекемеси куралдуу кагылышууну Кыргызстан баштады деп айыптап жатат.

«Кыргызстандын УКМКнын жана башка Куралдуу күч түзүмдөрүнүн колдоосу менен 14-сентябрь саат 07:15 мүнөт өткөндө Тажикстанга карата эч кандай себепсиз куралдуу агрессия актысын жасашты», — деп айтылат мекеменин билдирүүсүндө.

Тажик тарап «миномёт, пулемёт жана башка ок атуучу куралдар колдонулган душмандык аракеттерден Тажикстандын эки аскери каза болгонун» кошумчалашты.

«Чагымчыл аракеттер менен катар, кыргыз тараптан чек арадагы райондорго оор техника жана башка кошумча күчтөр тартылды», — деп айтылат Тажикстандын ТИМнин маалыматында.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги 16-сентябрда кыргыз аскерлери кырдаалды басаңдатуу жана кошумча күчтөр боюнча келишимдерди бузуп, Дүйшөмбү чек ара заставасын оор куралдан аткылаганын белгилейт.

«Кыргызстандын аскерлери Исфара шаарынын Ходжаи Аъло, Куммазор, Сурх, Сомониён, Кулканд жана Гафуров районундагы Овчи-Калъача Бобожон калктуу конуштарына аскердик техниканы колдонуу менен куралдуу кол салышты. Тактап айтканда, Исфара шаарынын Чоркишлок айылынын калктуу аймактары БМП жана БТРден массалык аткылоого кабылды», — деп билдирди Тажикстандын ТИМи.

Тажикстандын ТИМи кыргыз аскерлери Исфара шаарынын Чилгази жамаатынын Богдори айыл аймагына да басып кирип, жергиликтүү тургундардын 16 үйүн өрттөп, талап-тоноп, мародёрлук кылган деп белгилешүүдө.

«Кыргызстандын аскерлеринин максатуу чабуулуна жарандык инфраструктуралык объектилер кабылды», — деп айтылат дипломатиялык мекенин билдирүүсүндө.

Тажикстандын ТИМи «тажик-кыргыз чек арасынын бардык аймагына кыргыз тарап ок чыгарган» деп ырастоодо.

Тажикстандын дипломатиялык мекемси кыргыз тарап «калктуу конуштарды аткылоону уланттып», ок атууну токтотуу жана тынчтык сүйлөшүүлөрдү жандандыруу боюнча келишимдерди бузду деп белгиледи.

«Жалпы кабылданган гуманизм принциптерине каршы жана эл аралык гуманитардык укук нормаларын бузуу менен Кыргызстандын аскерлери Исфара шаарындагы Зумрад жамаатынын Чоркишлок айылында жарадар болгон жарандарды ташып бара жаткан тез жардам унаасына бронетехникадан ок чыгарышкан», — деп айтылат тажик ТИМнин билдирүүсүндө.

Тажикстандын ТИМдин маалыматына ылайык, 16-сентябрдагы ок атышпоо келишими макулдашылгандан соң «кыргыз тарап чабуул учурунда согуштук тик учактарды жана чабуул коюучу учкучсуз учактарды колдонгон».

Ал жерде учкучсуз учактан мектеп менен мечитке жасалган соккунун кесепетинен кеминде 18 жай тургун набыт болгону белгиленет. Тажикстандын ТИМи 17-сентябрда кыргыз тарап ок атпоо келишимин кайрадан бузуп, тажик аймагын аткылоо үчүн миномётторду жана көп ирет атылчу ракеталык системаларды (РСЗО) колдонду деп белгилешти.

ТИМден муну «Тажикстанга карата агрессия жана чагымчыл аракеттер» деп аташты.

«Акыркы күндөрү коңшусун “агрессор” кылып көрсөтүү максатында, кыргыз тарап ачык калптан жана жалаадан жийиркенбестен Тажикстанга каршы маалыматтык кампания жүргүзүп жатат, муну менен чек арадагы чыңалууну шыкактап жатат. 17-сентябрда калкына кайрылып жатып Кыргызстандын президенти Тажикстандын калкына карата “душман” деген сөздү колдонду. Бул достук жана коңшулук духуна туура келбейт», — деп айтылат Тажикстандын ТИМнин билдирүүсүндө.

Чек арадагы куралдуу жаңжал

Тажикстан менен чек арадагы ок атышуу 14-сентябрда башталган. Ал эми 16-сентябрда курчуп кеткен.

Кыргызстандын ӨКМден Баткен облусунун бир нече айылдарынан 130 миңден ашуун адам эвакуацияланганын, ал эми Ош облусунун Чоң-Алай районунан 5301 киши коопсуз жайга көчүрүлгөнүн билдиришкен.

Кыргызстандын УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кагылышуунун натыйжасында кыргыз тараптан курмандыктар «көп» болгонун билдирген. Анын айтымында, алардын көпчүлүгү — аскер кызматкерлери.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги алдын ала маалыматтарга ылайык 59 киши курман болуп, 144 адам жабыркаганын кабарлады.

Тажикстандын ТИМдин алдын ала маалыматтарына ылайык, тажик тараптан 30дан ашык адам каза болуп, 20дан ашуун киши жабыркады.

Кыргызстандын Чек ара кызматы 18-сентябрь күнү кечинде чек арадагы абал турукташуусу мүмкүн болгон чыңалуу абалда экенин кабарлады.