Кыргыз-тажик чек арасы: Сүйлөшүүлөр жүрүп, ок атышуу токтоду

УКМКнын Чек ара кызматы 14-сентябрь саат 12:40ка карата абал чыңалуу экенин билдирди. Эки тараптуу сүйлөшүү жүрүп жатат. Ал эми ок атышуу токтогону айтылды. Эки тарап тең чырга бири-бирин айыптады.

Чыр-чатак боюнча Кыргызстандын Чек ара кызматынын версиясы:

Кыргызстандын Чек ара кызматынан 14-сентябрда «аскерлер райондун Булак-Башы жерлигинде кызмат өтөп жатканда ал жактан тажик тараптын чек ара кезметин аныкташканын» билдиришти.

«Алар болсо өз учурунда тараптардын ортосунда мурда жетишилген макулдашууларды бузуу менен мамлекеттик чек аранын такталбаган тилкесинде күжүрмөн позицияларды ээлеген. Кыргыз тараптын аймактан чыгып кетүү боюнча мыйзамдуу талаптарына көңүл бурбай, тажик чек арачылары ок чыгарган», — деп айтылат маалыматта.

УКМКдан аларга жооп катары кыргыз тарап да ок чыгарганын белгилешти. Андан соң чек ара кезметтеринин ортосунда атышуу башталып, тажик тарап миномётторду колдонгонун айтышты.

Чек ара кызматынан билдиришкендей, саат 09:30га карата ок атышуу маал-маалы менен уланып жаткан. Алдын ала маалыматтар боюнча, кыргыз тараптан жабыркагандар жок.

Баткен чек ара отрядынын башчысы чыр-чатак орун алган жерге жөнөп кеткени айтылган. Ошондой эле эки тараптын Чек ара кызматынын башкармалыктарынын башчылары телефондон сүйлөшкөнү белгиленген.

Ал эми Баткен облустук администрациясынан облус башчы Абдикарим Алимбаев Согди облусунун башчысы Раджаббой Ахмадзода менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн билдиришти.

Ал эми саат 11:30да тажик тарап аткылоону улантып жатканы айтылган.

Тажикстандын Чек ара кызматынын версиясы:

Ал эми тажик тарап чырга кыргыз тарапты айыптап жатат. Аталган өлкөнүн чек ара кызматынын версиясын «Азия Плюс» басылмасы жазды.

Анда «14-сентябрь таңкы саат 07:15те кыргыз аскерлери «Кех» тажик заставасына миномёттон ок чыгарганы» айтылат.

«Алар эч себепсиз тажик аскерлерине ок чыгарышты. Мындан сырткары Кыргызстан тараптан кошумча техникалар тартылды», — деп айтылат маалыматта.

Кыргыз-тажик чек арасындагы такталбаган тилкелерден улам чек ара чырлары байма-бай катталып келет. Акыркы жаңжал үстүбүздөгү жылдын апрелинде катталып, анда алты кыргызстандык жабыркаган.