Баткен: Куралдуу жаңжалда жарадар болгон кыргызстандыктардын саны 183 адамга жетти

Куралдуу жаңжалда жарадар болгондордун бири. Сүрөт: Саламаттык сактоо министрлиги.

19-сентябрь саат 22:00гө карата Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда жарадар болгондордун саны 183кө жетти. Ал эми каза тапкандардын саны — 59.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, жарадар болгондордун 162си ооруканаларда, ал эми 21 үй шартында дарыланууда.

Баткенде жабыркагандардын көпчүлүгү — 103 киши — Бишкек жана Ош шаарларындагы ооруканаларга которулду.

«Бардык жабырлануучуларга керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп, кандын компоненттери, дары-дармектер жана медициналык буюмдар жетиштүү санда бар», — деп белгилешти министрликтен.

УКМКнын Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, учурда кыргыз-тажик чек арасындагы абал салыштырмалуу туруктуу деп мүнөздөлүүдө. 20-сентябрга карган түн тынч өткөнү белгиленди.

Чек арадагы куралдуу жаңжал

14-сентябрда башталган чек-арадагы куралдуу жаңжалдын кесепетинен Баткен облусунан жалпы 136 миң 770 адам коопсуз аймакка эвакуацияланды.

Мындан тышкары дагы 5301 киши Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди айыл аймагынан коопсуз жайга чыгып кетти.

Кыргыз бийлиги бул окуяны «агрессия» жана Тажикстан тараптан «кол салуу» деп атады. Ал эми тажик тарап өз кезегинде Кыргызстанды «жаңжалды эскалациялоого жана куралдуу агрессияга» айыптап жатат.

Кыргызстанда 19-сентябрь — улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланган.

Ал эми өлкөнүн жети облусунда Баткен элин колдоо максатында гуманитардык жардам чогултулуп жатат.