Чек-арадагы атышуу: Ошто тургундар Баткенге гумжардам чогултуп жатат

Ош шаары. Сүрөт: Рустам Турсунбеков / «Клооп»

Ош облустук администрациясы жана Ош шаарынын мэриясы Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы атышуудан жабыркаган тургундарга гуманитардык жардам чогулта баштады.

Жериндеги «Клооптун» кабарчылары жардам шаардык мэриянын алдында топтолуп жатканын, тургундар бир саат аралыгында бир тоннага жакын ун, 580 литр өсүмдүк майы, 520 килограмм макарон алып келгенин маалымдашты.

Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Марс Исаев тургундар жардам кабыл алуучу жайга биринчи керектөөдөгү азык-түлүктөрдү жана жылуу кийим, дары-дармек алып келсе болорун белгиледи.

«Баткендеги кырдаал боюнча ыкчам топ түздүк. Бардык калоочулар, кайдыгер карабаган жарандар келип жардам берсе болот. Өкмөттүн тапшырмасы менен чоң суммадагы акча бөлүндү, ага гуманитардык жардам даярдап жатабыз. Бардыгы Баткенге жөнөтүлөт», — деди ал.

Исаев гуманитардык жардам көрсөтүү боюнча Баткен облусунун жетекчилиги менен сүйлөшүп, керектүү азык-түлүктөрдүн тизмесин алганын кошумчалады.

Буга чейин Бишкек шаардык мэриясы Баткен элин колдоо максатында атайын гуманитардык жардам чогултуучу жайларды уюштурган.

Мэрия тургундардан жылуу кийим, ичүүчү суу, дары-дармектер жана тамак-аш, жуучу каражаттар, жеке гигиена каражаттарын жөнөтүүнү суранган.

Тема боюнча:

Бишкек: Баткенге гуманитардык жардам чогултулган жерлердин тизмеси