Эки өлкөнүн УКМК башчылары чек арадагы кагылышты тыкыр иликтөөнү макулдашышты

Кыргызстандын УКМКсынын төрагасы Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын УКМКсынын башчысы Саймумин Ятимов 19-сентябрда 14-сентябрдан бери мамлекеттик чек арада болгон куралдуу кагылышты тыкыр иликтеп чыгууну макулдашышты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Алардын маалыматына ылайык, Ташиев менен Ятимов согуштук аракеттерди толук токтотууну, аскерлерди жана согуштук техниканы туруктуу жайларына алып кетүүнү, чек ара заставаларын жана комендатураларды биргелешип текшерүүнү макулдашышты.

Мындаш тышкары, эки өлкөнүн УКМК башчылары тынчтык протоколуна кол коюшкандан кийин биргеликте билдирүү жасашты. Экөө тең жакын арада Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасында тынчтык орноп, кырдаал калыбына келерине ишенерин билдиришти.

«Мен бүгүн урматтуу Саймумин Сатторович менен биргеликте биздин комиссия болуп өз ара түшүнүшүү протоколуна кол койдук, ал өлкөбүзгө тынчтык алып келет деп терең ишенем. Мен тынчтык баарынан жакшы экенине ишенем. Тынчтык дайыма болот жана аны сактоого аракет кылабыз», — деди Ташиев.

Ятимов алар тил табышып, өз ара түшүнүшүп, орток пикирге келишкенин билдирди.

«Биздин мамлекеттик чек араларыбызга чыныгы тынчтык орноп, бардык багыт боюнча ишибизди уюштура алабыз деп ишенем: саясий, экономикалык, социалдык жана башка багыттар боюнча», — деди ал.

Ташиев менен Ятимов тынчтык келишимине 19-сентябрь кечке жуук кол коюшту. Ятимов менен жолугушкандан кийин Ташиев «тынчтык үчүн дагы бир кадам жасалды» деп билдирди. Ал кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууну иликтөө үчүн жакында эле түзүлгөн комиссия өз ишин 20-сентябрда улантарын билдирди. Ошондой эле Ташиев Тажикстан тажик тарап туткунга алган төрт кыргыз чек арачысын кайтырып бергенин айтты.

Чек ара кызматынын 20-сентябрь саат 08:30га карата берген маалыматына ылайык, кыргыз-тажик чек арасынын Ош облусунун Чоң-Алай району менен Баткен облусундагы аймагында абал салыштырмалуу туруктуу деп бааланды. Түн тынч өткөн.

Куралдуу жаңжал

Кыргыз-тажик чек арасында 14-сентябрда башталган куралдуу жаңжал 16-сентябрда курчуп кеткен. Кыргызстандын Чек ара кызматы 18-сентябрь кечке жуук чек арада абал турукташайын деп калганын билдирген. Ал эми 19-сентябрь эртең менен абал чыңалуу бойдон калууда деп билдирген, бирок ведомство ок атышуу боюнча кабарлаган эмес.

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда бери дегенде 59 кыргызстандык каза таап, 180ден ашык адам жабыркаган.

Тажикстан ТИМнин алдын ала маалыматына ылайык, куралдуу кагылышууда 41 тажик жараны каза таап, 20дан ашыгы жарадар болгон.

Кыргыз бийлиги окуяны агрессия жана Тажик тарап уюштурган аскердик кол салуу деп атап жатат. Тажик тарап дагы окуяны агрессия деп атап, жаңжалды курчутууга Кыргызстанды айыптоодо.