Орусиянын президенти Владимир Путин өлкөдө жарым-жартылай аскердик мобилизация башталганын жарыялады. Бул тууралуу ал 21-сентябрдагы кайрылуусунда билдирди.
Ал аскердик кызматка запаста турган, куралдуу күчтөрдүн катарында кызмат өтөгөн орусиялыктар гана чакырыларын билдирди. Ал аскердик кызматка чакырылгандар аскер бөлүктөрүнө жөнөтүлөрдүн алдында сөзсүз түрдө кошумча даярдыктан өтөрүн кошумчалады. «Мекенибизди жана бүтүндүктү коргоо үчүн жарым-жартылай мобилизация зарыл деп деп эсептейм», — деди Путин.
Орусиянын президентти мобилизация 21-сентябрдан башталарын белгиледи.
Буга чейин журналисттер «Вагнер» жеке аскердик компаниясы аркылуу Орусиянын абактарынан соттолгондорду согушка тартуу аракети жөнүндө гана айтып келишкен.
21-сентябрь күнү эртең менен Орусия Федерациясынын коргоо министри Сергей Шойгу Орусиянын Украинага ири алкакта кол салуу башталгандан бери 5 937 орус аскери каза тапканын билдирди.
Орусиянын Кылмыш-жаза кодексиндеги «Мобилизация»
21-сентябрда Орусиянын Мамдумасы кылмыш-жаза кодексине «мобилизация», «аскердик абал», «аскердик мезгил» түшүнүктөрүн киргизди.
Орусиялык укук коргоочу, Павел Чиков, долбоорду изилдеп чыгып, орусиялыктардын аскердик жыйналууга катышуусу милдеттүү болорун, ал эми баш тартуу «кызмат ордун уруксатсыз таштап кетүүгө» теңелерин билдирди. Мындайда баш тарткандар «согуштук абалдын» шарттарында он жылга чейин эркинен ажыратуу менен жазаланат.
Укук коргоочу куралдуу кагылышта башчынын буйругуна баш ийбей коюу согуштук аракеттерге катышуудан баш тартууга теңелип, эки жылдан үч жылга чейин эркинен ажыратылышы ыктымал экенин кошумчалады.
Мобилизация жана аскердик абал учурунда өз билемдик менен аскер бөлүгүн таштап кетүү үчүн жети жылга эркинен ажыратуу жазасы каралган. Ал эми өз ыктыяры менен туткунга түшүп берген орусиялыктар мамлекеттик чыккынчылык белгилери жок болсо, үч жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.
«Кылмышты орчундаткан жагдайлардын тизмесине “мобилизация мезгилинде же аскердик абалында, согуш мезгилинде жасалган” кылмыштар кирет», — деп баса белгиледи Чиков.
Бул Орусиядагы кыргызстандыктарга кандай таасир этет?
Жыл сайын орус жарандыгын алган он миңдеген кыргызстандыктар үчүн бул Украина менен болгон согуштун окопторуна тез арада түшүү дегенди билдирет. Орусиянын Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, 2022-жылдын алты айында эле 10,6 миң кыргызстандык орус жарандыгын алган.
Депутат Дастан Бекешевдин айтымында, Орусиядагы айрым кыргызстандыктар азыртан эле аскерге чакырууларды ала баштады.
Юрист Бексултан Осмоновдун пикиринде эгер кыргызстандык орус жарандыгын алып, бирок кыргыз паспорту да бар болуп мобилизацияга катышкысы келбеген болсо, анда ал тезирээк Кыргызстанга кайтышы керек. Анткени Орусияда аскерий аракеттерден качкандарга кылмыш иши ачылышы мүмкүн. Мындай учурда Кыргызстан өз жарандарынын кызыкчылыгын коргошу керек жана Орусиянын укук коргоо органдарынын сурамы боюнча аларды бербеши керек. Мындай учурда кыргызстандыктар орус жарандыгынан ажыратылат.
Юрист Фатима Якупбаева орус жарандыгын алган кыргызстандыктарга оор тандоо жасоого туура келет деп эсептейт.
Ал Орусия Федерациясынын мыйзамдары боюнча орусиялык жаран жарандыгынан баш тартып же аны өзгөртө албасын билдирди. Бирок Кылмыш-жаза кодексине киргизилген өзгөртүүлөр согуштук аракеттерге катышуудан качкандыгы үчүн жаза катары жарандыктан ажыратууну караштырышы мүмкүн дейт Якупбаева. Ошентип, кош жарандыгы бар адамга карата айыптоо өкүмү аны орус жарандыгынан ажыратуу үчүн формалдуу негиз болуп калышы мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын «Жарандык жөнүндө» мыйзамынын 23-беренесине ылайык, кыргыз жараны чет мамлекеттин аймагында куралдуу кагылышууга же аскер аракеттерине катышса, анда бул жарандыкты жоготууга негиз болушу мүмкүн. Бул дагы тандоону татаалдаштырат.
Дагы окуңуз: Орусия мобилизацияга камынууда. Орус жарандыгы бар кыргыздар андан кутулуп кете алабы?