Эдил Байсалов: Азыр куру сын айтып, өзүн-өзү жарнамалоочу учур эмес

Министрлер кабинети кыргыз-тажик чек арасындагы бузулган үйлөрдү жана мүлктөрдү калыбына келтирүү толугу менен мамлекеттин эсебинен жүргүзүлөрүн билдирди.

Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, куралдуу жаңжалда 137 миңге жакын адам эвакуацияланган. Алардын көпчүлүгү Баткен облусунун аймагына жайгаштырылган.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов бийликтин негизги максаты — жер которууга муктаж болгондорду тез арада туруктуу жашаган жерлерине кайтаруу жана калктуу конуштардын талкаланган инфраструктурасын калыбына келтирүү экенин белгиледи.

Аны менен катар, Байсалов «азыр куру сын айтып, өзүн-өзү жарнамалоочу учур эмес экенин» кошумчалап, кыргызстандыктарды биримдикке чакырды.

«Өзгөчө кырдаал режиминде улуттук биримдикке, элдин ишенимине доо кетирүү жана мамлекеттик бийлик органдарынын иш-аракеттеринин жана коомдун аракеттеринин маңызын бурмалоо максатын көздөп, негизсиз билдирүү жасаган адамдар мыйзам алдында күчөтүлгөн жоопкерчилик тартат. Учурда эң негизги максат – мамлекетибизди бардык тармакта бекемдөө», — деп белгиледи Эдил Байсалов.

Буга чейин президент Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасында кагылышуу болуп жатканда Ак үйдүн алдына митингге чыгып, Баткенге жөнөтүүнү талап кылгандарды «жарма патриоттор» деп атаган.

«Алар чыныгы мекенчилдер эмес. Учурдан пайдаланып өздөрүнүн арам максаттарына жетели дегендер. Эмне максаттары бар экенин баарын билебиз. Баарын тааныйбыз. Бирок тийбейбиз. Бизде демократия. Эркин сүйлөй беришсин. Бирок сөз эркиндиги деп эле жалган маалыматтарды тарата бербеши керек. “Баткенге биз баралы” деген “жалган баатырларыбызды” өзүңүздөр көрдүңүздөр го. “Баткенге барсаң, мына сага унаа, жөнө” деп унаа коюп бергенде бирөөсү да олтурган жок. Эгер чыныгы мекенчил болсо, баатыр болсо Ак үйдүн алдына кыйкырып келбей, түз эле Баткенге кете бермек», — деген оюн айткан Жапаров.

Чек арадагы куралдуу жаңжал

Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуу 14-сентябрда башталып, 16-сентябрда курчуп кеткен.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 22-сентябрга карата жаңжалдан жабыркаган кыргызстандыктардын саны 198ди түзгөн. Ошондой эле куралдуу кагылышуудан 59 кыргыз жараны мерт кеткен.

Тажик ТИМнин расмий маалыматына караганда, кагылышууда 41 тажик жараны каза таап, 20дан ашык адам жабыркаган.

140 миңге жакын кыргызстандык эвакуацияланып, үйлөрүн таштап кетүүгө мажбур болгон. Бир нече кыргыз айылында жүздөгөн турак-жай талкаланган.

18-сентябрда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 14-17-сентябрда болгон окуяларды Тажикстандын Кыргызстанга каршы алдын ала пландалган куралдуу агрессия актысы деп атаган. Мындан тышкары, кыргыз тарап Тажикстанды өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн бузду деп айыптаган.

Садыр Жапаров 20-сентябрда БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясында сөз сүйлөп жатып, Кыргызстанда «тажик тараптын акыркы жылдары жана акыркы күндөрдө жасаган мыйзамсыз жана кара ниет аракеттерине документалдуу далилдер бар экенин» билдирген.

Тажик тарап дагы окуяны агрессия деп атап, жаңжалды курчутууга Кыргызстанды айыптоодо.