MediaHub кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда кыйраган айылдардын дрондон тартылган видеосун жарыялады. Анда Баткендин Лейлек районундагы Достук, Арка, Борбордук жана Максат айылдарынын жаңжалдан кийинки абалын көрүүгө болот.

Куралдуу жаңжал

Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуу 14-сентябрда башталган. Ал эми 16-сентябрда абал курчуп кеткен. Кыргыз бийлиги тажик тарапты агрессияга жана аскердик кол салууга айыптады. Ал эми тажик тарап «эскалацияга» Кыргызстанды күнөөлөдү.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, жаңжалдан жабыркаган кыргызстандыктардын саны 198ди түздү. Ошондой эле куралдуу кагылышуудан 62 кыргыз жараны мерт кетти.

Алдын ала маалыматтар боюнча, Кыргызстанга келтирилген материалдык чыгымдын суммасы болжол менен 1,5 млрд сомду түздү.

Ошондой эле алдын ала маалыматка караганда, куралдуу кагылышта 613 үй жабыркады. Мындан сырткары административдик-стратегиялык маанидеги 9 объект, социалдык маанидеги 15 объект, 323 сарай, 171 чарбалык курулуштар, бир автоунаа өтчү көпүрө жана 26 автоунаа зыянга учурады.

Президент Садыр Жапаров Баткендеги үйлөрдү жаңы жылга чейин бүтүрүп берүүгө «аракет кылабыз» деп убадалады.