Кыргызстан Эл аралык жазык сотунун Рим статутун ратификациялоону каалайт. Демилгени Юстиция министрлиги көтөрдү. Мыйзам долбоору коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталына жарыяланды.
*Эл аралык жазык сотунун Рим статуту — Эл аралык жазык сотун негиздеген эл аралык келишим. Ал 1998-жылы Римде дипломатиялык конференцияда кабыл алынган. Рим статуту 2002-жылы күчүнө кирген. Ачык булактардагы маалыматтарга ылайык, аталган эл аралык келишимге Кыргыз Республикасы 1998-жылдын 8-декабрында кол койгон, бирок ратификацядан өткөн эмес.
Рим статутун, маалымкат-негиздемеге ылайык, мамлекеттин жана кыргызстандыктардын укугу менен кызыкчылыгын эл аралык аренада коргоо үчүн кабыл алуу демилгеленүүдө.
*Эл аралык жазык соту — жазык юстициясынын эл аралык туруктуу органы. Анын комптенциясына геноцид, аскердик кылмыш, адамзатына каршы кылмыштар, анын ичинде агрессия кылмыштары үчүн жооптуу адамдарды жазага тартуу кирет. Мыйзам долбоорунун түшүндүрмөсүндө Рим статутун ратификациялоо Кыргызстанга коопсуздукту камсыз кылууга өбөлгө түзүп, республиканын аймактык бүтүндүгүн коргоого жол ачат деп айтылат.
«Ошондой эле бул документти ратификациялоо Кыргызстандын эл аралык коомчулуктун тынчтыкты жана коопсуздукту камсыздоо боюнча идеясынын тарапташы катары тышкы саясий билдирүүсү болуп берет, бул өз кезегинде өлкөнүн эл аралык аренадагы беделин жогорулатат», — деп айтылат документте.
Жазык процессинде адам укуктарын коргоо боюнча Article 9 бирикмесинен эл аралык жазык соту эл аралык кылмыштардын алдын алууга өбөлгө болорун айтып беришти. Эл аралык сот башка мамлекеттердин лидерлери тарабынан болуп кетиши мүмкүн агрессияга каршы кармоочу фактор болуп эсептелет
«Манилүү эреже: эл аралык сот Рим статуту ратификациялангандан кийин жасалган кылмыштарды гана карай алат. Бирок өткөн окуялар боюнча дагы кылмыш ишин козгоого мүмкүнчүлүк бар», — деп билдиришти уюмдан.
Юрист Нурбек Токтакунов Кыргызстандын Рим статутун «өткөн убакыт» менен ратификациялап, статуттун күчүн кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалга жайылтууга мүмкүнчүлүгү бар экенин кошумчалады.
Эки мамлекеттин ортосундагы куралдуу кагылышуу
14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында куралдуу кагылышуу болду. Жаңжалда Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигин 20-сентябрга карата маалыматына ылайык, бери эле дегенде 62 киши курман болуп, 198 адам жабыркаган.
Тажикстандын ТИМнин алдын ала маалыматына ылайык, кагылышуу учурунда 41 тажик жараны каза таап, 20дан ашууну жабыркаган.
Атышуу болгон аймакта жашаган 140 миңден ашык адам үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болушкан. Бир канча кыргыз айылдарында жүздөгөн турак жай талкаланган.
Кыргыз бийлиги окуяны агрессия жана Тажик тарап уюштурган аскердик кол салуу деп атаган. Тажик тарап дагы окуяны агрессия деп атап, жаңжалды курчутууга Кыргызстанды айыптоодо.
Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек аранын жалпы узундугу 972 км, анын болгону 600 километри макулдашылган.
Садыр Жапаров 20-сентябрда БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясында сөз сүйлөп жатып, Кыргызстанда «тажик тараптын өткөн жылдарда жана кечээки жасаган укукка каршы биринчилерден болуп кол салган иш-аракеттеринин документтештирилген далилдери бар» деп билдирген.