Чек арадагы куралдуу жаңжал. Депутат Самыйкожо атайын кызматтын ишин сынга алды

Депутат Мирлан Самыйкожо атайын кызматтын кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал учурундагы ишин сынга алды. Бул тууралуу ал 28-сентябрда парламенттин жыйынында билдирди.

«Кечээки Баткендеги шалаакылыктын, кайдыгерликтин айынан окко учкан кырчындай өмүрлөргө [...] ботодой боздогон энелердин көз жашына сөзсүз жооп берилиши керек. [...] Чаржайыт иш алып барган чалгындоо ишинин чабалдыгына ким жооп берет? Же эмне биздин өлкөдө “төшөк чалгын”, “кустурчалгын” жана “контрабанда чалгын” эле иштеп калдыбы? Мамлекеттин коопсуздугун өз кекиртегибиз эмес, өз өмүрүбуздөн дагы биринчи коюшубуз зарыл эле. Парламент өз милдетин аткарып, аскердик акыбалыбызды чыңдоо жана алдын алуу үчүн оңой эмес суммадагы акча каражатын бөлдүрүп берген. Кана ошол каражаттардын дайын-дареги? Эффективдүү, натыйжалуу же натыйжасыз пайдаланылганы боюнча эч ким жооп бере элек. Мунун баарына ким жооп берет?» — деп суроо салды депутат.

Депутат өз сөзүнө кошумча эл президенттик башкаруу формасын бардыгы үчүн президент жооп берет деген үмүттө тандап тандаганын кошумчалады. Анын айтымында, кыргызстандыктар ар бир берилген суроонун жообун алышы керек.

«Садыр Нургожоевич, чындык ачуу болот, чыдагыла. [...] Жашырып-жаап, жараны таңып айыктыра албайбыз. Ооруну жашырсаң өлүм ашкере кылат дейт кыргызда. Эл бизди жабык жыйындарды өткөрүп, жабык эшик артында жарманке курсун деп добуш берген эмес, оюбуз ачык айтылып, үнүбүз түз жетсин деп добуш берген. Ооба, мамлекеттик сырды, купуялуулукту сактаганды билебиз. Азыр да аны ачыктаган жерибиз жок. Бирок кечээки окуяларды кантип жашырабыз? Анткени алар сокурга көз бүткөндөй көрүнүп, дудукка тил бүткөндөй сүйлөнүп атат, дүйнө коомчулугунда. Эл баарын билет, билмек турсун карегинен өткөн окко куралсыз төшүн тосуп беришкенин купуя деп биз жашырганыбыз менен чек арада чеп болуп турган элдин көзүн таңып, оозун баса алабызбы?» — деп кайрылды депутат.

Чек арадагы куралдуу жаңжал

14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында куралдуу кагылышуу болгон. Атышуу болгон аймакта жашаган 140 миңден ашык адам үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болушкан. Бир канча кыргыз айылдарында жүздөгөн турак жай талкаланган.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигин маалыматына ылайык, бери эле дегенде 62 киши курман болуп, 198 адам жабыркаган.

Тажикстандын ТИМнин алдын ала маалыматына ылайык, кагылышуу учурунда 41 тажик жараны каза таап, 20дан ашууну жабыркаган.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, кыргыз тарап куралуу кагылышууда болжолдуу 1,5 млрд сомдук материалдык зыян тарткан.

Садыр Жапаров 20-сентябрда БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясында сөз сүйлөп жатып, Кыргызстанда «тажик тараптын өткөн жылдарда жана кечээки жасаган укукка каршы биринчилерден болуп кол салган иш-аракеттеринин документтештирилген далилдери бар» деп билдирген.

Тажик тарап дагы окуяны агрессия деп атап, жаңжалды курчутууга Кыргызстанды айыптаган.Ал эми Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясында президент Садыр Жапаровго жооп берип, «агрессия Кыргызстан тараптан болгонун» айткан.