Бишкек, Чыгыш-5. Сүрөт: Алмир Алмамбетов

Орусияда мобилизация жарыяланганы тууралуу биринчи кабарлар айтыла баштагандан кийин эле бир жуманын Бишкекте батирлердин иражасы акысы кымбаттап кетти. Бул тууралуу кыймылсыз мүлк рыногунун катышуучулары «Клоопко» айтышты. Борбор Азиянын ири шаарларында ижара акылары көтөрүлүп кеткенине согуштан жашырынуу үчүн Орусиядан чыгып жаткан эркектердин массалык агымы менен байланыштуу.

Акыркы аптада өлкөгө канча орусиялык киргенин чиновниктер азырынча айта элек. Бирок Санариптик өнүктүрүү министрлигинен быйыл сегиз айдын ичинде Кыргызстанда 170 миңге жакын орусиялык каттоого турганын «Клоопко» билдирген.


21-сентябрдан бери эле Кыргызстанда 3,5 миңден ашуун Орусиянын жараны жашаган жери боюнча каттоого турган. Качкандардын масштабы жана келгендердин каттоодон өтүшү үчүн 30 күн бар экенин эске алганда бул деңизге суу тамчылаткандай эле нерсе.


«Батир издеген жергиликтүүлөрдөн жана Орусиянын жарандарынан кайрылуулар көп түшүп жатат. Айрыкча акыркы 2-3 жумада алардын саны өстү. Ушул күндөрү [батирдин] баалары кескин өсүп кетти», — дейт Инстаграм аркылуу үй таап берген жарнамалык аккаунттун ээси Даир Тыныбек уулу.

Адатта ижарачылар батирди баасын, жайгашкан районун карап шашпай издешет. Бирок учурда, Даирдин айтымынды, баарын талап кетип жатышат. «Азыр райондорго карабай калышты. Башкысы батир ремонттолгон жана шарты менен болсо эле болду. Буга чейин ижарага өтпөй жаткан батирлер азыр бериле баштады», — дейт маектешибиз.

Инстагдам аркылуу ижарага турак жай таап берген дагы бир жарнамалык аккаунттун ээси Албина (фамилиясын атабоону суранды) Бишкекте жаздан бери бир бөлмөлүү батирдин баасы болжол менен 33%га көтөрүлгөнүн жана дагы деле өсүп жатканын байкаган.

Сентябрдын, тагыраагы, жаңы окуу жылынын башында Бишкекте дайыма «дүрбөлөң башталып», эл студенттерге турак-жай издеп баштайт дейт Албина. Бирок орусиялыктар келе баштап суроо-талап ого бетер көбөйгөн. «Бизге “тез арада” батир керек деп жазышат», — дайт ал.

Албинанын айтымында, буга чейин Бишкекте анчейин кымбат эмес делген бир бөлмөлүү батирдин ижара акысы 15 миң сом болчу. Азыр баа 20 миң сомго чейин көтөрүлгөн.

«Баалар районго жана үй ээсинин каалоосуна жараша болот – деп түшүндүрөт Албина. Эң эле арзан батирлер шаардын алыскы райондорунда жайгашкан — мисалы, Тунгуч, Жал жана 12-кичи райондору. Бүгүн Жалда бир бөлмөлүү батир 40 миң сомго берилет, кошумча депозит керек деп келишти. Баасы өтө эле кымбат коюлган. Эми ал кайсы убакта берилери мага дагы кызык болуп жатат, анткени бул өтө эле кымбат», — дейт Албина.

Бирок кымбат батирлерди деле бат эле талап кетишери шексиз — орусиялыктардын арасында турак жайга суроо-талап күчтүү. Муну «Площадь» турак жай агенттиги да тастыктады. Ал жактан баалар тууралуу айтып бергенге убакыт жоктугун, иш өтө эле көп болуп жатканын билдиришти.

Бир бөлмөлүү батир үчүн 30 миңден жогору болгон бааны бишкектиктер, айрыкча баткендиктер көтөрө албайт — алардын көпчүлүгү чек арадагы куралдуу жаңжалда үй-жайсыз калып, бийлик аларга турак жай жагынан жардам берүүнү убада кылгандыктан Бишкекке качып келүүгө аргасыз болушкан.

Батирлерди орусиялыктарга берүү үчүн жергиликтүүлөрдү кубалап жатышат

Айрым батир ээлери суроо-талап жогору болуп жаткан чакта пайда көрүүнү чечишкен.


«Курбумду көптөгөн башка адамдар сыяктуу эле ижарага алып жатшап жаткан батиринен чыгарып салышты», — дейт Бишкектин тургуну, сүрөтчү Алтын Капалова «Клоопко».


Анын айтымында, батир ээси орусиялыктар көп келе баштаган шартта ижара акысын эки эсе көтөрүп салып, курбусу аны төлөй албай калган. «Азыр биздикинде туруп атат, апасы дагы бир жакта, сиңдиси башка жакта баш калап жатышат», — дейт Капалова.

Кыргызстандыктар ижарага алып жашап жаткан батирлеринин чыгарылып жатканын Economist.kg басылмасынын башкы редактору Азиза Бердибаева дагы Фейсбук барагында айтып чыкты. Журналист башында бул маалыматта жөн эле ушактар го деп ойлогонун айтат.

«Көрсө батир ээлери чын эле [үйүн] орусиялыктарга кымбатыраак бериш үчүн жашоочуларды чыгарып жатышыптыр. Аларды балдарың барбы, канча жыл жашаганың, кечиктирбей төлөгөнүң, мурда [ижара] акысын көтөрүп келгенине макул болуп эле жүргөнүң — эч ойлондурбайт. Келе калып эле “Бир нече күн берем, көчүп кеткиле” деп жатышат. Мен муну саткынчылык деп эсептейм. Бир өлкөдө батышып жашап жатканыбыз таң калычтуу. Кээ бири “үй бар” деп жазып алып акыркысын берүүгө даяр болуп турат. Башкалары [кошумча] 2-3 миң сом ашыгыраак акча алуу үчүн көчөгө чыгарып салып жатышат», — деп кейиди журналист.