Санарип министрлиги: Кыргызстанда 8 айда 170 миңге жакын орусиялык каттоого турду

Быйыл сегиз айдын ичинде 170 миңге жакын орусиялык жашаган жери боюнча каттоодон өттү. Бул тууралуу Санарип өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы «Клоопко» билдирди.

Ведомствонун маалыматына ылайык, каттого турган орусиялыктардын саны 2021-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 28 680 адамга көбөйгөн. Жалпысынан 2021-жылдын сегиз айында өлкөдө 141 миңге чукул орус жараны каттоодон өткөн.

21-сентябрдан тартып, министрликтин белгилешинче, өлкөдө 3,5 миңден ашык орус жараны каттоого турган.

Ошол эле учурда басма сөз кызматтан сөз жашаган жери боюнча каттоодон өтүүгө милдеттүү орусиялыктардын катталуусу тууралуу экенин айтышты. Алар Кыргызстанга келгенден кийин 30 күндүн өтүшү менен каттоого турууга милдеттүү.

2022-жылдын 24-февралында Орусия Украинага ири алкакта кол салуусун баштаган. Ал убактан бери Орусиядан 500 миңден ашык жаран чыгып кеткен.

Орусиялыктарды өлкөдөн жапырт чыгуусу быйыл 21-сентябрда дагы көбөйгөн. Бул Орусиянын президенти Владимир Путин жарым-жартылай мобилизация жарыялагандан кийин башталган.

Анда ал аскердик кызматка запаста турган, куралдуу күчтөрдүн катарында кызмат өтөгөн орусиялыктар гана чакырыларын билдирген. Ал аскердик кызматка чакырылгандар аскер бөлүктөрүнө жөнөтүлөрдүн алдында сөзсүз түрдө кошумча даярдыктан өтөрүн дагы кошумчалаган.

Путиндин кайрылуусунан кийин , тактала элек маалыматтарга ылайык, Орусиядан коңшу өлкөлөргө 260 миңден ашуун адам чыгып кеткен, алар көбүнесе аскердик кызматка ылайыктуу курактагы эркектер жана алардын үй-бүлөсү.