Бишкек: Милиция автобуста орун бербей койгону үчүн кызга кол салган кишини издеп жатат

Укук коргоо орган кызматкерлери Бишкекте кызга кол салган жүргүнчүнү издеп жатат. Бул тууралуу Биринчи май РИИБдин басма сөз кызматы «Клоопко» билдирди.

Алардын маалыматына ылайык, 27-сентябрда жабыркаган кыз милицияга кайрылган. Ал коомдук транспортто бараткан киши сөгүнүп-сагынып, денесине залал келтиргенин билдирген.

Окуя маалыматты каттоо журналына киргизилип, тергөөгө чейинки текшерүү башталган.

Буга чейин Тик-Ток соцтүйүнүн колдонуучусу окуянын видеосун жарыялаган.

@user85fydbbjn8

♬ оригинальный звук - user85fydbbjn8

Ал окуя №7 автобуста болгонун билдирген. Улгайган киши кызга досуна орун бошотуп бербей койгону үчүн кол көтөргөн.

«Ал мен отуруп досу туруп баратканына жинденди. Орун бер деп сурабай эле ургулап баштады», — деп жазган ал.

Видеодо аталган киши кызды коркутуп, кызга болушкан башка жүргүнчүлөрдү дагы сөгүп жатканын көрүүгө болот.

Тема боюнча: «Досума орун бербей койду». Бишкекте автобустун жүргүнчүсү кызга кол салды