«Досума орун бербей койду». Бишкекте автобустун жүргүнчүсү кызга кол салды

Бишкекте автобустун жүргүнчүсү досуна орун бошотуп бербегени үчүн кызга кол көтөрдү. Бул тууралуу Тик-Токтун колдонуучусу айтып берди.

Ал окуя №7 автобуста болгонун билдирди. Улгайган киши кызды бир нече жолу бетке чаап, оозго алгыс сөздөрдү айтып сөгүнгөн. «Ал мен отуруп досу туруп баратканына жинденди. Орун бер деп сурабай эле ургулап баштады», — деп жазды ал.

Видеодо аталган киши кызды коркутуп, кызга болушкан башка жүргүнчүлөрдү дагы сөгүп жатканын көрүүгө болот.

Бишкек ШИИБнин басма сөз кызматы аталган видеону текшерип жатышканын билдиришти «Клоопко».