Коңшулаш эки өлкөнүн ортосундагы ири чек ара жаңжалы Кыргызстан менен Тажикстандын аскердик потенциалы тууралуу маселенин кайрадан көңүл чордонуна алып чыкты. ЖМКлар буга чейин да эки өлкөнүн армиясын салыштырып келген, бирок алар таянган маалымат булагы күмөн санатат. «Клооп» IISS уюмунун изилдөөсүнө жана ачык булактарга таянып эки өлкөнүн коргонуу күчүн салыштырып көрдү.
Спойлер: Кыргызстан күчтүүдөй көрүнөт, бирок чек ара чырында аскердик күчүн колдонуу оңойго турбайт.
Жоголгон танктар
Көпчүлүк ЖМКлар пайдаланганды жакшы көргөн Global Firepower Index уюмунун акыркы маалыматтарына таянсак, Кыргызстандын аскердик бюджети, аскерлердин жана аскердик түзүмдөрдүн, танктардын (215 каршы 47), ок өтпөөчү транспортёр жана аскердик жөө техникасы (АЖТ) (685 каршы 100), өзү жүрүүчү арт жабдыктар (30 каршы нөл), жана буксирлөөчү артиллериянын (276 каршы 10) саны жагынан Тажикстанды артта калтырат.
Ал эми Тажикстан, индекске ишене турган болсок, авиация жана залптык ок чыгаруучу реактивдүү системалары (ЗОРС) жагынан Кыргызстанды артка калтырат.
Бирок 2021-жылдын октябрында «Азаттык радиосунун» тажик кызматы — «Озоди» ошол эле Global Firepower Index сайтына таянып, ок өтпөөчү танктар жагынан Тажикстан алдыда экенин жазган. Андагы маалыматтарга ылайык, өлкөдө ок өтпөөчү техниканын саны 653 даана, ал эми Кыргызстанда 150.
Кыргызстанда буксирлөөчү замбирек көбүрөөк болгон — бирок азыркыдай көп эмес (189 каршы 80).
Бир жыл ичинде жүздөгөн тажик танктары кайда жоголду? Бул суроого жооп жок. Global Fire Power Index уюмунун анонимдүү түзүүчүлөрү маалыматтарды кайдан алышканын ачыкташпайт, ошондуктан маалыматтардын так экенине ишенүү мүмкүн эмес. Анан да Тажикстандын күчү дароо эле төмөндөп, Кыргызстандыкы өсүп кетиши мүмкүн эмес эле.
«Фагот», «Малютка» жана башкалар
The Military Balance бюллетендери алда канча ишенимдүү деп эсептелет, алардын маалыматтары Эл аралык стратегиялык изилдөөлөр институту (IISS) тарабынан жыл сайын жаңыланып турат. Институт дүйнөлүк коопсуздук көйгөйлөрү, саясий тобокелчиликтер жана аскердик конфликттерди 60 жылдан бери изилдеп, өзүнүн аналитиктеринин аттарын да ачык көрсөтүп келет.
«Клооп» алардын маалыматтарына таянып жана башка ЖМКларда ачык булактардан пайдаланылган маалыматтарды да кошуп, Кыргызстан менен Тажикстандын потенциалын салыштырды.
Кыргызстан: кургактыктагы күчтөр жана учкучсуз учактар
Ошентип, The Military Balance 2022 эсепткеген маалыматтарга ылайык, Кыргызстандын армиясы 10,9 миң кишиден турган өздүк курам, анын ичинде 2,4 миң авиация кызматкерлеринен турат. Ошондой эле 9,5 миң киши аскерлешкен түзүмдөрдө — ИИМ, ички аскерлер, УКМК жана ӨКМде иштешет.
Кыргызстандын кургактыктагы аскерлерине спецназдардын бир бригадасы, үч механизациялык жана эки артиллериялык бригада кирет. Алардын жабдуулары Т-72 үлгүсүндөгү 150 танк, 39 БРДМ, 320 АЖТ жана 55 БТРден, «Малютка», «Фагот» жана «Конкурс» аталышындагы танкка каршы ракета комплекстеринен, 73 жана 100 миллиметрлик танктык замбиректерден турат.
Кыргызстандын артиллериясында 228 замбирек бар. Алардын 123ү буксирлөөчү пушка жана гаубиц, 18и «Гвоздика» аталышындагы өзү жүрүүчү арт түзүлүш, 12си «Нона» деген САУ, 15и «Град» РСЗО, 6 «Ураган» РСЗОсу жана 54 ири калибрлүү миномёт.
Абадан коргонуу бөлүгү болсо, 10 С-125 «Нева» аталышындагы зениттик-ракеталык комплекс (ЗРК), жети С-75 «Двина» деген ЗРК, «Стрела» аталышындагы жылып жүрүүчү зениттик ракета, анын ичинде 24 буксирлөөчү пушка жана 24 «Шилка» тибиндеги өзү жүрүүчү пушкалар.
Кыргызстандын Аскердик аба күчтөрүндө (ААК), The Military Balance 2022 маалыматы боюнча, төрт L-39 үлгүсүндөгү чехословакиялык аскердик-окуу самолёту, төрт Ан-2 транспорттук самолёту, эки Ан-26, Ми-24 штурм вертолёту жана 12 Ми-8 деген транспорттук вертолёт бар.
Акыркы жылдары чындап эле Кыргызстандын аскердик техникалары толукталды. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев ушул жылдын март айында билдиргендей, Чек ара кызматы менен ӨКМ ушул жылы 150 машина алган. Бийлик алар мамлекеттик бюджеттин эсебинен алынганын белгилеген — ок өтпөөчү транспортерлер, «Тигр» ок өтпөөчү машиналары, КамАЗдар, өрт өчүрүүчү унаалар жана башка техникалар. Ошондой эле, орусиялык «Орлан» учкучсуз учактары жана түркиялык «Байрактар» сокку уруучу чалгындоочу учкучсуз учактары сатып алынган.
Бул дрондорду Global Fire Power Index да, The Military Balance 2022 дагы эмнегедир эсепке алышкан эмес.
Тажикстан: артыкчылык авиацияда
Тажикстан дагы куралдануусун токтоткон жок, «Озоди» радиосу жана «Независимая газета» жазгандай, тажик өлкөсү Орусияны аскердик-техникасынын Борбордук Азиядагы бенефициары болуп калды. 2014-жылдан 2019-жылга чейин Орусия Тажикстандын Куралдуу күчтөрүн бекемдөө үчүн 122 млн доллар бөлгөнү маалымдалган. Расмий маалыматтарга ылайык, бул суммага вертолёттордун, бронетехниканын, артиллериянын, ок атуучу техниканын жана ок дарылардын кеңири түрү сатып алынган. Мындан тышкары, Тажикстандагы америкалык элчиликтин «Озоди» келтирген маалыматтарына ылайык, АКШ 1992-жылы бул өлкөгө 330 млн долларлык жардам көрсөткөн. Атап айтканда, республиканын күч түзүмдөрүнө 258 транспорттук каражат берилген.
Ошол эле The Military Balance 2022 бюллетенинин маалыматтарына караганда, Тажикстандын аскердик бюджети 2021-жылы 131 млн доллар деп бааланган. Өлкөнүн куралдуу күчтөрүндө 8,8 миң киши иштейт, алардын 7,3 миңи армияда, 1,5 миңи авиацияда. Дагы 7,5 миң киши ички аскердик түзүмдө, улуттук гвардияда, ӨКМ жана чек ара кызматтарында иштейт.
Тажикстандын кургактыктагы аскерлерине үч механизациялык бригада, бир артиллериялык бригада, абадан коргонуучу бригада жана зениттик-ракеталык бөлүм кирет.
Алар 33 даана Т-72 танкы, жети Т-62 үлгүсүндөгү танк, 31 БРДМ, 36 БТР менен куралданган, алардын ичинен 23ү орусиялык өндүрүштөгү БТР, 13 даана VP-11 ок өтпөөчү техникасы жана 24ү «Тигр» ок өтпөөчү машинасы.
Артилерияда 41 ствол жабдылган, алардын үчөө «Гвоздика» САУсу, 13ү Д-30 деген буксирлөөчү гаубиц, 15и «Град» РСЗОсу, ону 82 миллиметрлик миномёт, дагы ону 120 миллиметрлик миномёт.
Тажикстандын абадан коргонуу түзүмү үч «Печора» аталышындагы ЗРК С-125, беш «Нева М1» С-125М1 жана «Стрела» жылып жүрүүчү ЗРК, 23 миллиметрлик советтик буксирлөөчү ЗУ-23М1 зениттик пушкалар жана сегиз ЗД-БТР — өзү жүрүүчү зениттик жабдыктар БТР-Д десентирлөөчү ок өтпөөчү транспорт менен куралданган.
Тажикстандын аскердик аба күчтөрү, The Military Balance 2022’ге ылайык, бир Ту-134А самолётунан, төрт L-39 чехословакиялык аскердик-окуу самолётунан, бир нече Як-52 үлгүсүндөгү спорттук-окутуу самолетунан, төрт Ми-24 штрумга каршы вертолёттон, Ми-8 жана Ми-17 үлгүсүндөгү 11 транспорттук вертолёттон турат.
Мындан тышкары, Тажикстан АКШдан ондогон ооганстандык вертолёт жана самолётторду алышы мүмкүн деп жазат Politico басылмасы. Сөз 2021-жылдын август айында талибдердин колуна түшүп калбашы үчүн Өзбекстан менен Тажикстанга алып өтүлгөн АКШнын көзөмөлүндөгү Ооганстандын аскердик аба күчтөрүнө таандык учуучу аппарттар тууралуу болуп жатат. Алардын бир бөлүгү Тажикстандын Бохтар аэродромунда турат.
«Техниканын 30%ы дайыма ремонтто болот»
Жалпысынан The Military Balance 2022’нин жыйынтыктары Global Firepower Index чыгарган жыйынтыктар менен дал келет: Кыргызстандын кургактыктагы куралдуу түзүмү күчтүүрөөк, ал эми Тажикстан аба күчтөрү жаатында көбүрөөк артыкчылыктарга ээ. Бирок, Кыргызстандын Коопсуздук комитетинин мурдагы башчысы Феликс Кулов эл аралык коргоо индекстерине анчейин ишене бербейт. Бул аларды түзүүчүлөр баарын билбеши мүмкүн болгондуктан эле эмес.
«Бул маалыматтар реалдуулукту толук чагылдырбайт, анткени Тажикстан бул жааттан алганда жабык өлкө. Ал бир топ себептерден улам толук маалыматтарды бербейт — деди ал “Клооптун” журналистине. — Биз алда канча ачыкпыз, бирок техниканын айрым бир бөлүгү көптөн бери ремонттоло электигин эске алуу керек, катарда канчасы тизилип турганы да суроолуу маселе. Практика көрсөткөндөй, ар дайым техниканын 30%ы ремонтто болот. Майда-чүйдө иштер, бирок, бизде түзүгүрөөк ремонттук база да жок».
Бирок, Кулов Тажикстан менен конфликт чыккан аймактарда кыргыз тараптын түзүгүрөөк аскердик техникасы жоктугун ремонт менен түшүндүргөн жок. Кыргызстандын бийлиги, мурдагы министрдин айтымында, техниканын көпчүлүк бөлүгүн Баткен облусуна чогултуудан акыл эстүү түрдө карманган.
«Эгер өткөндөгү [былтыркы] жаңжалдан кийин биз ал жакта аскердик техникаларыбызды жайгаштыра баштасак, бул аракет тигил тарапты күүлөмөк: кыргыз тарап күчтөнүп жатат, келгиле биз дагы деп. Биздикилер сыр бергиси келген эмес. Ошондуктан мен башка варианттарды сунуштагам. Тактап айтканда, ӨКМдин окутуу борборун ошол жерде уюштурууну. Бул ачыктан ачык аскердик көрүнүш болмок эмес», — деп эстеди экс-министр.
«Эми болсо [16-18-сентябрда болгон акыркы окуялардан кийин] тартынуунун кажети жок. Ошондуктан биз ал жакка [чек ара чыры катталган аймакка] аскердик бөлүктөрдү [башка аймактардан], Кой-Таш, Балыкчыдан орун которсок болот. Бул жерде эч кандай коркунуч жок, алар бул жерде болгону параддарга катышышат, эмне кереги бар бул жерде кармап? Аларды ошол аймакка передислоцияласак болот, бул элди тынчтандырат», — деп эсептейт ал.
Аны менен катар, Кулов куралдарды кооптуу багыттарга жайгаштыруу техникалык жактан да татаал экенин моюндады.
«Ал жерде айрымдар чек араны кесип өтүшөт, түшүнбөйсүң, бир үй кыргызстандыктардын үйү болсо, кийинкиси тажик жарандардын үйү. Ал жерге танк койсоң, эртеси өрттөп кетишет», — деди ал. — «Ал жерде баары аралаш, техниканы коюу, аскердик жактан алганда да кооптуу. Анткени аны алып өтүү керек, муну үчүн Тажикстандын аймагынан өтүүгө туура келет. Бул жерде кайсыл техниканы кайсыл жерге коюуну конкреттүү учурда караш керек. Бул болсо аскердик адистердин иши, алар бардык маселелерди алдын ала ойлонушу керек: тылдык камсыздоо, кайтуу жолу, каршылаштын артиллериясынын аялуу жери. Бул бир көрүнгөндөгүдөй оңой иш эмес», — деп белгиледи Кулов.
Бирок, аскер бөлүктөрүн башка аймактардан Баткен облусуна көчүрүү болбошу да мүмкүн. 25-сентябрда Кыргызстан менен Тажикстандын делегациялары чек арадагы аймактардагы абалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөр учурунда «аскерлерди жана оор техникаларды алардын дайымкы орду болбогон аймактарда чыгарып кетүүдө эки тараптуу топтун ишин улантууга» макулдашышкан. AKIpress маамымат агенттиги жана тажикстандык Avesta басылмалары жарыялаган №42 протоколго кыргыз тараптан УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кол койгон.