Сүрөт: Бекболсун Кайыпов/Kloop

Бүгүн, 4-октябрда, Өзгөн райондук администрациясында Кемпир-Абад маселеси боюнча президент Садыр Жапаровдун катышуусунда жыйын өтүп жатат. Бирок ага көпчүлүк тургундар киргизилген жок — муну имараттын тардыгы менен түшүндүрүштү.

Мындан улам көпчүлүк тургундар президентти администрациянын имаратынын алдында күтүп жатышат. Алардын «Жапаров эл менен сыртта жолуксун» деген талаптары азырынча аткарыла элек.

Жыйынга тургундардан сырткары журналисттер да киргизилген жок. Ал эми кирүүгө уруксат алгандар телефондорун өчүрүп же калтырып гана кирип жатканы айтылды.

ТЕМА БОЮНЧА:

Өзгөндө Кемпир-Абад маселесине байланыштуу эл чогулду, президенттин келиши күтүлүүдө