Өзгөндө Кемпир-Абад маселесине байланыштуу эл чогулду, президенттин келиши күтүлүүдө

Сүрөт: Kloop

4-октябрда Ош облусунун Өзгөн районунун акимчилигине Кемпир-Абад маселесине байланыштуу жергиликтүүлөр чогулду. Ага президент Садыр Жапаровдун келиши күтүлүп жатат.

Жергиликтүүлөрдүн айтымында, бүгүн суу сактагычтын маселеси боюнча эл менен кеңешме өтөт. Ага президенттен сырткары Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров да катышаары айтылган.

29-сентябрда да жергиликтүүлөр Кемпир-Абад маселесине байланыштуу чогулушкан. Алар «суу сактагычтын жери Өзбекстанга өтүп кетиши ыктымал» деп кооптонуп, эки тараптуу акыркы келишимдерди ачыктоону талап кылышкан.

Жогорку Кеңештин 28-сентябрдагы жыйынында Мадумаров суу сактагычка байланыштуу маселени көтөргөн. Анда ал эл арасында Кемпир-Абадка байланыштуу түрдүү суроолор жаралып жатканына токтолгон болчу.

Ал эми 26-сентябрда өлкөгө Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов келген. Анда кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча өкмөттөр аралык жыйын өткөн.

Өзгөндүктөр мындан бир ай мурда да Кемпир-Абад маселесине байланыштуу чогулушкан. Анда алар суу сактагыч боюнча жогору жакта эмне сөз жүрүп жатканын, Жогорку Кеңешке жазган каттын жообун билүүгө кызыгышкан. Ошондой эле Чолпон-Атада президенттердин жыйынында эки тарап кол койду деген сөз тараганын айтышып, ага да ачыктык киргизүүнү талап кылышкан.

Бирок кыргыз бийлиги жергиликтүүлөрдүн суроолоруна расмий жооп бере элек.

Кемпир-Абад чуусу, элдин нааразычылыгы

Өткөн жылдын март айында УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев жетектеген өкмөттүк делегация Өзбекстандын Ташкент шаарында чек араны тактоо үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.

Кайтып келгенден кийин Ташиев Өзгөн районунда жергиликтүү эл менен жолугушкан. Анда ал Өзбекстан Кемпир-Абад суу сактагычынын айланасынан 100 гектар жерди сураганын айтып, бирок Кыргызстан 50 гектарын берүүгө макулдашылганын билдирген.

Мындан сыткары, Кемпир-Абад суу сактагычынын плотинасы Өзбекстанга алмашыла турганын белгилеген. Ал бул чечимди «туура» деп айтып, суунун деңгээли түшкөндөн кийин жергиликтүү турак жайларды «суу каптабай калат» деген.

Бирок Кара-Суунун Ынтымак айылынын тургундары жер стратегиялык мааниге ээ экенин айтышып, аны берүүгө каршы болушкан, Кемпир-Абаддын жанына боз үй тигип, Камчыбек Ташиевдин келишин талап кылышкан.

19-апрелде Ташиев тургундар менен жолугуп, «эң пайдалуу келишим түзүдү» деп айткан. Ошондой эле протокол кабыл алынса «чек арада чыр-чатак болбойт» деп ишендирген.

Атайын кызматтын башчысы нааразычылык акциясын уюштургандарды «чагымчылдар» деп аткап, ал тургай алардын аты-жөнүн билерин айтып коркуткан.

УКМКнын төрагасы жолугушууда тургундардын нааразычылыгынан улам Өзбекстанга барып протоколду кайрадан каратып, 50 гектардын ордуна 20 гектар жерди алмашууга аракет кыларын убада кылган.

Ал эми 25-апрелде Камчыбек Ташиев Өзгөн районунда Оштун тургандары менен жолугушкан. Жолугушууга ар башка аймактан жүздөгөн адам катышып, суу сактагычтын плотинасын жана анын айланасындагы жерди Өзбекстанга бербөөнү талап кылышкан.

Наарызчылыкардын шартында Ташиев «Кемпир-Абадды бербейбиз» деп ишендирген.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Кайсыл жерде иштеримди билесиңер». Кемпир-Абад маселеси боюнча жолугушуу кандай өттү?

Ташиев: «Кемпир-Абадды» бербейбиз дедиңерби, бербейбиз, болду!