Юристтер ЖМК жөнүндөгү мыйзамды артка чакыртып алууну талап кылышты

«Медиа Полиси Институту» уюмунун юристтери «Жалпыга маалымдоо каражаттары (ЖМК)» жөнүндөгү мыйзам долбоорун сынга алышты. Билдирүүнү МПИ Фейсбук барагына жарыялады.

«Президенттин администрациясын аталган мыйзам долбоорун артка чакырытып алууга, калктын бакубат жашоосун жана улуттук коопсуздукту камсыздоо сыяктуу биринчи кезекте маанилүү болуп турган маселелер менен алектенүүгө чакырабыз», — деп кайрылышты юристтер.

Президенттин администрациясы аталган мыйзам долбоорун 2022-жылдын 28-сентябрында коомдук талкууга чыгарган.

Эски мыйзам колдонулуп жатканда жаңысынын эмне кереги бар?

Президенттин администрациясы мыйзам долбоорунун маалымкат-негиздемесинде учурда колдонуудагы ЖМК жөнүндөгү мыйзам «моралдык жактан эскирип», азыркы коомчулуктун талабына дал келбей калганын билдирген.

Институттан негиздемеде жазылгандар мыйзам 1992-жылы кабыл алынганы боюнча гана реалдуулукка дал келет деп эсептешет.

«Бирок калганынын баары — көбүртүп-жабыртуу, атүгүл факттар менен ойноо. Ал мыйзам долбоорунун чыныгы максатын жашырат, өз кезегинде бул жарандардын коомдук маанилүү делген темалар боюнча түрдүү булактардан маалымат алуусун чектөө болуп эсептелет», — деп билдиришти юристтер.

Алардын пикиринде, эски мыйзамда айрым кемчиликтер бар, бирок ал жаңы мыйзам кабыл алууга эле эмес, колдонуудагы мыйзамга кандайдыр бир өзгөртүүлөрдү киргизүүгө да себеп боло албайт.

Юристтер эски мыйзам долбоору боюнча жогорку кызматтагы саясатчылар, анын ичинде президенттер ансыз деле ар-намыс, кадыр-барк жана ишкердик беделди коргоого байланышкан иштер боюнча веб-сайттардан көптөгөн миллион сом компенсацияларды талап кылып, ал эми укук коргоо органдары веб-сайттардын редакцияларына карата кылмыш иштерин козгоп келишкенин белгилешти.

«Ушуну эске алганда, колдонуудагы мыйзам ЖМКны жарандык, администрациялык, ал түгүл кылмыш жоопкерчилигине тартууга эч кандай тоскоолдук жаратпайт. Мыйзамды демилгелегендердин ЖМКнын ишмердүүлүгү жөнүндөгү учурдагы мыйзам эскирди деген билдирүүсүнө макул болууга негиз жок», — деп белгилешти юристтер.

Орусиянын мыйзамынан көчүрүлгөн

Юристтер сунушталып жаткан мыйзам долбоорундагы бир катар ченемдер Орусиянын мыйзам долбоорлорунан көчүрүп алынган деп эсептешет.

Алардын пикиринде, бул туура эмес, ал эми укуктук ченемдер Кыргызстандын укуктук системасынын талаптарына шайкеш келтирилбейт, бул болсо, боштуктарга, карама-каршылыктарга жана мыйзамды туура эмес чечмелөөгө алып келет.

Мыйзамдын максаты — бийликке жакпаган ЖМКны жоготуу

Юристтердин пикиринде, мыйзам долбоорунун максаттарынын бири — азыркы бийликке жакпаган веб-сайттарды жоюу. Себеп дегенде 2023-жылдын 1-июнуна чейин ЖМКны жаңы мыйзамдын редакциясындагы талаптарга ылайык кайрадан каттоодон өткөрүү сунушталууда.

«Мыйзам долбоорунун текстинде кайра каттоодон өтпөгөн ЖМК жоюлду деп эсептелинери көрсөтүлгөн. Ошол эле учурда, ЖМКны каттоодон баш тартуу үчүн мыйзам долбоорунда каралган негиздерде көп маанилүү жана кеңири мүнөздөгү чечмелөөлөргө жол берилген. Бул болсо, укук колдонуу тажрыйбасында каттоочу органдын кыяныттыгына жол бериши мүмкүн», — деп белгилешти юристтер.

Юристтердин айтымында, «эгер ЖМКнын аталышы, тематикасы же иш алып барган багыты массалык маалымат эркиндигин кыянаттык менен пайдаланууга алып келсе» катоодон баш тартуу болушу мүмкүн.

«Каттоодон өткөрүүчү орган аталышы же тематика массалык маалымат эркиндиги кыянаттык менен пайдаланылып жатканын кантип аныктайт? Юстиция министрлиги жана Башкы прокуратура сыяктуу ЖМКны жөнгө салуучу супер органдар бийликтеги коррупция тууралуу иликтөөлөрдү чыгарган веб-сайттардын укуктарын чектей турганы айдан ачык», — деп эсептешет юристтер.

«Журналисттик иликтөөлөр бийликтеги арам кызыкчылыктарга коркунуч туудурган учурлар көп эле кездешет. Мына ушундай иликтөөлөрдү басуу үчүн аталган мыйзам сунушталып жатат», — деп жыйынтыкташты юристтер.

Тема боюнча: ӨА жана аскердик абал учурунда сөз эркиндиги чектелиши мүмкүн жаңы мыйзам сунушталды