ӨА жана аскердик абал учурунда сөз эркиндиги чектелиши мүмкүн жаңы мыйзам сунушталды

Президенттин администрациясы «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндөгү» мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарды.

Маалымкат-негиздемесинде учурда колдонуудагы ЖМК жөнүндөгү мыйзам «моралдык жактан эскирип», азыркы коомчулуктун талабына дал келбей калганы айтылат.

Документке ылайык, учурдагы мыйзамда «санарип ЖМКнын» иши дагы укуктук жаатта жөнгө салынган эмес. Жаңы мыйзам долбоорунда бул боштукту толуктоо сунушталат.

«Мыйзам долбоору кылмыштуулуктун алдын алуу максатында, ден соолукту жана адеп-ахлакты, кадыр-баркты же башка адамдардын укугун коргоо үчүн зарыл болгон учурда улуттук коопсуздуктун же коомдук тартиптин кызыкчылыгында маалыматтарды жана идеяларды алуу жана таратуу эркиндигин мыйзам менен чектөөгө жол берген эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана ченемдерине таянат», — деп айтылат мыйзам долбоорунда.

Алсак, сунушталып жаткан мыйзам долбоорунун 1-беренесинде, сөз, басма сөз жана башка массалык маалымат каражаттарынын эркиндигин өзгөчө жана аскердик абал учурунда конституциялык мыйзамга ылайык чектөөгө жол берилери айтылат.

Анткен менен маалымкат-негиздемеде сөз эркиндигин чектөө дегенде сөз цензура киргизүү тууралуу эместиги, сөз ЖМК жарыялап жаткан маалыматка «коомдук көзөмөлдү» киргизүү жөнүндө болуп жатканы түшүндүрүлөт.

Жалпы айтканда жаңы мыйзам долбооруна 27 жаңы берене кошулган. Азыркы колдонуудагы ЖМК жөнүндөгү мыйзам 27 беренеден турат, жаңысында жалпы 54 берене болот.

Мындан тышкары, мыйзамдын долбоорунда, эгер ал кабыл алына турган болсо, ЖМК 2023-жылдын 1-июнуна чейин кайрадан каттоодон өтүшү керектиги, ал эми каттоодон өтпөгөндөрү жоюлду деп эсептелинери жазылган.