Өзгөндүн тургундары Кемпир-Абаддын Өзбекстанга берилишине каршы митингге чыгышты

10-октябрь күнү Ош облусунун Өзгөн райондук администрациясынын имаратынын алдында Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине каршы митинг өтүүдө. Облустун тургундары парламент тийиштүү келишимди ратификациядан өткөрбөсүн деп талап кылышууда. Ошол эле маалда Жогорку Кеңештин жабык жыйын өтүп жатат, анда Өзбекстан менен чек аранын айрым тилкелери боюнча келишимдин долбоору макулдашылат.

Парламенттин кезексиз жыйыны тууралуу укканда Өзгөн районунун 80ден ашык тургуну акимчиликтин алдына чогулду. Алардын айтымында, бийлик 15-октябрда курултай өткөрүп элдин оюн угабыз деген сөзүнө турган жок.

«Биз азыр көрүп жатабыз, депутаттарды басмырлап: [жыйынга]телефондорун өчүрүп киргизип, кээ бирин киргизбей, журналисттерди дагы киргизбей карайбыз деп, эл шайлаган эл өкүлдөрүн басмырлап жатышат. Ташиев өзү барып алып ушундай кысым көрсөтүп жатканына эл нааразы болуп турат», — деди жергиликтүү тургун.

Нааразы болгондор Кемпир-Абад суу сактагычы дайыма Кыргызстанга караштуу болуп келгинин айтып, «ал мындан ары да таандык болушу керек» деп билдиришти. Ошондуктан алар депутаттарды элдин оюн эске алып, Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга өткөрүп берүү тууралуу келишимдин долбоорун колдобоого чакырышат.

«Өткөндө ушул жерге президент келгенде “дүжүрлөрдү” киргизип, ошол Кемпир-Абаддын боюнда жашаган, ошол жактан көчүүгө аргасыз болгон адамдарды сүйлөтпөй коюшкан. Алар кире албай эшикте калып калышкан», — деп айттып берди Өзгөндүн тургуну.

Митингге чыккандардын айтымында, бийлик аларга алмашыла турган жерлер тууралуу эч кандай маалымат берген эмес.

«Өзбекстандын президенти өзүнүн журтуна кайрылып кыргыздардын 99% жерин кайтарып бердик деп жабык эшик артында эмес, ачык эле айтып жатат. Кошунабыз ушинтип айтып жатса, эмне үчүн биз жашырып, жабык эшик артында өткөрүшүбүз керек?» — деп суроо салды митингге чыккандардын бирөөсү.

Нааразы болгондор баардык процедураларды сактап, баары мыйзамдуу жол менен чечилиши керектигин баса белгилешти.


«Биздин бийликти басып алалы, кашаадан аттап шымыбызды жырталы деген ниетибиз жок. Биз абийирибиз жана шымыбыз бүтүн калат, өмүр боюу. Биз — мыйзамды сыйлаган адамдарбыз. Биз өзүбүздүн жерибизде тополоң кылабыз деген ниетибиз жок», — деди Өзгөндүн жашоочусу.


Анткен менен митингчилер эгер Кемпир-Абадды «тынч коюшпаса» алар дагы «чоң кадамдарга барганга» даяр экенин билдиришти.

«Эгер бийлик туура эмес кадамдарга барса, биз ошого жараша жоопту беребиз. Күтпөгөн кадамдарга барабыз. Оюңарга келбеген нерсени ишке ашырабыз. Көрүп жатасыздар, бул жерде эркектер гана эмес, эже-карындаштарыбыз, керек болсо картайган энелерибиз келип отурат. Бүгүнкү бийлик эгер туура эме кылсаңар бизден катуу жооп аласыңар», — деп ишендиришти жергиликтүү тургундар.

Нааразычылык акциясына чыккандар «Кемпир-Абад — калсын! Жогорку Кеңеш — колдобо!» деп кыйкырып райондук администрациянын алдында тарабай турушту.

Жабык «ачык» жыйын

Бир күн мурда парламенттин кезексиз жыйыны болот деп жарыяланган. Алгач президент Садыр Жапаров ачык өтүүсүн тапшырып, керек болсо журналисттерди да каттоодон өткөрүшкөн. Бирок жыйындын жүрүшүндө УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев жыйындын экинчи бөлүгү жабык эшик артында өтөт деп билдирди.

Жыйындын катышуучуларына телефон жана башка жаздыруучу аппараттарды алып келүүгө тыюу салынды. Ташиевдин айтымында, жыйындын экинчи жарымында эл өкүлдөрүнө «жашыруун» документтер жана карталар көрсөтүлөт.

«Кол коюлганга чейин алардын баарын ачыктаганга укугубуз жок», — деп баса белгиледи Ташиев.

Ал эртең менен президент Садыр Жапаров менен сүйлөшкөнүн кошумчалап, «жашыруун» документтер көрсөтүлүп жаткан учурда камерага тартууга тыюу салынарын макулдашканын айтты.

Ташиев журналисттердин жана башка жарандардын «жашыруун» документтерге «жеткилиги» жок деп билдирди. «АКИпресстин» журналисттери Кыргызстанга кайсы тилкелер өткөнү тууралуу маалымат жарыялашты.

«Өзбекстанда Кемпир-Абад суусактагычынын — 4 485 га аймагы калат. Бирок сууну 8 адам: төртөө Кыргызстан, дагы төртөө Өзбекстан тарабынан бекитилген адамдар тарабынан көзөмөлдөнөт. Кыргыздар сууну эркин колдоно алат», — деп журналист УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин сөзүн жазды. Ошондой эле Kaktus.media’нын журналисттери суу сактагычты Кыргызстан менен Өзбекстан биргеликте башкара турганын кабарлады.

«Мурда Кемпир-Абаддагы сууга Өзбекстандын жарандарынын гана мүмкүнчүлүгү бар болчу. Эми суу сактагычты биргелешкен мекеме башкарат. Тагыраагы, Кыргызстандан 4, Өзбекстандан 4 адамдан турган мекеме. Сууну пайдалануу боюнча чечимди 70 жыл бою Өзбекстан өз алдынча кабыл алып келген. Мындан ары кыргыз жарандары да сууну пайдаланууга мүмкүнчүлүк алышты. Өзбекстан инженердик тосмолорду коё албайт», — деп жазышты журналисттер Ташиевдин айтканын.

Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча сүйлөшүүлөр

Кыргыз-өзбек чек арасынын узундугу 1 378 чакырымды түзөт. Анын ичинен 1170 км же 85% такталган. Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда тогуз талаштуу аймак бар. Ал аймактардын бири — Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Ал Ош облусунун Кара-Суу жана Өзгөн райондорунун Өзбекстан менен чек арасында жайгашкан.

Эки өлкөнүн кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитация жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациясы 2022-жылдын 26-сентябрында өлкөлөр ортосундагы чек арадагы атайын тилкелер боюнча долбоорлорду макулдашуу боюнча процедураларды баштоого мүмкүндүк берген протоколго кол коюшкан.

29-сентябрда Ош облусунун Өзгөн районунда 300гө жакын адам Кемпир-Абад суу сактагычы Өзбекстанга берилип кетүү коркунучу бар экенин айтып митингге чыккан.

4-октябрда митингчилердин алдына президент Садыр Жапаров чыккан. Жолугушуу жарандардын иш чараны уюштуруудагы нааразычылыгы жана суроолоруна жооп ала алышпаганы менен коштолгон.

Кийинчерээк президент Садыр Жапаров «Кабар» улуттук маалымат агенттигине интервью берип, талаштуу тилкелердин 99%ы Кыргызстанга өткөнүн билдирген.

Ал буга чейин Кемпир-Абад толугу менен өзбек тараптын көзөмөлүндө болуп келгинин билдирген. Бирок эми бүгүнкү күндөгү макулдашуу менен плотинаны Кыргызстан да Өзбекстан да бирдей башкарат.