Matthias Buehler/ Flickr

Бишкектеги батирлердин ижара акысы арзандабай жатат. Шаардын четиндеги бир бөлмөлүү батирлер Москвадагыдай баа менен берилгенине карабай жарым күндө илип кетишүүдө. Бирок айрым риэлторлор декабрда үйлөрдүн ижара акысы арзандайт деп айтып жатышат.

«Үч кишибиз деп коюп, бешөө жашап алат»

Тарых оошту: Москва жана Санкт-Петербург шаарларында өзүнчө батир алууга чамасы жетпей, каражатын үнөмдөш үчүн үч бөлмөлүү батирге топ-топ болуп жашап жүргөн кыргыз мигранттарынын абалын жон териси менен сезип жатышат.

«[Батирдин ээсине] үч киши жашайбыз айтып коюп, эң аз дегенде 5-6 адам жашап жатат», — деп билдирди «Клоопко» «Риэлт Хаус Групп» кыймылсыз мүлк агенттигинин жетекчиси Бакыт Төлөнов. Бул дагы бааны өстүрүп жатат: бул бир орусиялыктын чөнтөгүнө туура келбегени менен, үчөөнө оңоюрак, карапайым бишкектиктерди айтпасак да болот. Мисалы үч бөлмөлүү батир айына 60 миң сом, үч кишиге 20 миң сомдон же суткасына 700 сом. Бул кандай болгон күнү да ыңгайлуу, хостелдерге караганда арзан, анткени хостелдерде бир керебеттин баасы эбак эле суткасына миң сомдон ашкан.

Мындай кымгууттуктан ижарага бере турган бош үйү жок бишкектиктер деле акча таап жатышат.


«Адамдар ата-энелерине көчүп барып, батирлерин адаттагыдан эки эсе жогору баа менен ижарага берип жатышат», — деп «Клоопко» «Батир Сервис» кыймылсыз мүлк агенттигинен айтып беришти.


Бакыт Төлөнбаев баалар мындан ары кандай болорун айтуу кыйын дейт: ижара акысынын бааларын эч бир мамлекеттик орган көзөмөлдөбөйт.

«Бул эркин атаандаштыктагы рынок, баа өз алдынча түзүлөт. Бизде ижара акысынын өсүшүнө таасир эте турган ыйгарым укугубуз жок», — деп тастыкташты «Клоопко» Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы.

Ал эми башка маектешибиз — аты-жөнүн сыр бойдон калтырууну суранган Бишкектеги кыймылсыз мүлк агенттиктеринин биринин ээси — рыноктогу кымгууттук кыска аралыктагы гана көрүнүш жана декабрда баалар түшөт деп ишенет.

«Алар айтишниктер, жакында кетишет»

«Ижарага батир бергендердин бири экинчисине азыр бир бөлмөлүү батирди 50 миң сомго берип жатканын айтты, андан ары уланып кетти. Буга чейин бир бөлмөлүү батирде 20 миң сом төлөп жашагандарга үйдүн ээси бааны 40 миң сомго көтөрүп салды. Бул Бишкектеги кум шекердей эле болуп жатат, көп сатып ала башташканда түгөнүп, баасы асмандап кетпеди беле. Батирлер деле так эле ошондой. Болгону үй ээлери пайда көрүп калалы дешүүдө», — деп түшүндүрдү ал.

«Азыр мейманканалар толуп калды, ошондуктан орусиялыктар айла жоктон батирди ижарага алып жатышат. Алар Бишкекте канча убакыт каларын билишпейт, ошондуктан [батирди] бир-эки айга ижарага алып жатышат. Кыймылсыз мүлк рыногунун тартиби боюнча, ижаранын мөөнөтү канчалык кыска болсо, батир ошончолук кымбат болот. Ушундан улам баалар асмандап кетти», — деп айтып берди маектешибиз.

Бирок бир-эки айдан кийин кымгууттук басылат деп ишендирди риэлтор. Жана ал ошол эле себеп менен—акчалуу орусиялыктардын кетиши менен басаңдайт .

«Карапайым эл Орусияда калды, алардын жер которууга, батирди ижарага алып жашаганга акчасы жок. [Келген орусиялыктардын] 80%ы — айтишниктер, алар жакын арада башка өлкөлөргө кетишет. Орусиялыктар мага айтып жатышат: “Биз бир ай аралыгында Дубай, Түркия дагы башка өнүккөн өлкөлөргө кетебиз”. Алар Орусиядан тез арада чыгып кетүүгө аргасыз болгондо виза талап кылбаган өлкөлөргө келишкен [...] Азыр алар эч кандай маселеси жок АКШга деле учуп кете алышат».

«Ар ким колунан келген иш менен акча таап жатат»

Ага карабастан, Бишкектеги орусиялыктардын баары эле «санарип көчмөндөр» эмес, баарында эле Дубайга барганга акчасы жок. Демек, көпчүлүгү бул жакта калып, борбор калаадан батир ижарага алууну улантышат, ал эми үй ээлери ижара акысынын көтөрүлгөн баасын көбүрөөк кармалып туруусуна аракет кылат.

Эрлан Камалов.

Ош МУнун кызматкери, экономика илимдеринин кандидаты Эрлан Камалов мамлекет менен коомчулуктун ижара акынын баасына чек коюуга мүмкүнчүлүгү бар деп эсептейт. Муну, мисалы кыймылсыз мүлк рыногундагы салык салуу жана «атайын социалдык басым» аркылуу кылса болот. «Коомчулук тарабынан батирдин ээлерине карата нааразычылыктар айтылып жатат», — деди ал.

Төлөн Абдыров.

Жарандары аз айлыкка иштеген өлкөлөрдө ар ким колунан келген ыкма менен акча табат. Алардын арасында батирлердин ээлери да бар дейт Эл аралык университеттин «Экономика жана башкаруу» кафедрасынын башчысынын орун басары, экономика илимдеринин доктору Төлөн Абдыров.

«Мамлекет адамдарга жардам бербейт, алар айла жоктон өздөрү колунан келишинче жашап жатат. А эгер алар [батир ээлери] ижарачыларды чыгарып жаткан болсо, бул башка маселе. Ижарага берүүчүлөр келишимдин шарттарын аткаруусу үчүн бул маселени мамлекет өзүнө алышы керек», — деп баса белгиледи Абдыров.

«Ысык-Көлгө барышсын, коттеждер бош турат»

Экономисттер орусиялыктардын Кыргызстанга массалык түрдө келишинин жакшы жактарын көрүшөт. Мисалы туристик мезгил жок маалда туризм тармагын өнүктүрүүнү белгилешет.

«Азыр көптөгөн туроператорлор орусиялыктарды тартуу үчүн мейманканалар менен иштешүүгө аракет кылып жатышат. Алар турпакеттерин сунуштап, Кыргызстандын туристтик жайларына саякаттарды уюштуруп жатышат», — деди Эрлан Камалов.

«Орусиядан качкандардын баары Бишкекте калбашы үчүн риэлторлор орусиялыктарга Ысык-Көлдө бош турган коттедждер бар экенин айтышса жакшы болот эле. Бул баалардын өсүшүн кармаганга жардам бермек», — деп өз сунушун айтты Төлөн Абдыров.

Бирок узак мөөнөттүү план менен алып караганда, мунун терс жактары бар. «Кыргызстандын эмгек рыногу толуп калган деп эскертет Камалов. — Эгер орусиялыктар бул жерден жумуш издей баштаса, бул биз үчүн жумушсуздук көйгөйүн жаратышы ыктымал. А бул өз кезегинде кылмыштуулуктун жана башка социалдык көйгөйлөрдүн өсүшүнө алып келет.


Качкындар келип жатканда баалар кызмат көрсөтүү рыногундагы баардык сигменттерде өсө берээрин Абдыров белгилейт.


«Азык-түлүккө болгон баа өсө берет. Ооба, бул экономика үчүн өсүш, бирок бул карапайым адамдарга кандай таасирин тийгизет? Монополияга каршы жөнгө салуу жана салык органдары биринчи керектелүүчү товарларга баалар өсүп кетпешине дыкат мониториг жүргүзүп турушу керек. Мамлекет алдын ала — орусиялыктардын чоң агымы башталганга чейин бул маселелерди иштеп чыгышы керек эле. Биз эксперт катары аларга айттык, бирок мамлекет бизди уккан жок. Бизде бийлик баары болгондон кийин гана кайсы бир нерсе үчүн тынчсыздана баштай эмеспи», — деди ал.